Кирүү

Абдылдаев Эсеналы

Абдылдаев Эсеналы (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — "манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү "Манас" бөлүмүн жыйноо жана жазып алууга активдүү катышкан. Москвадан орус тилинде жарык көрүүчү төрт томдуктун төртүнчү томунун (30 басма табак) "Чоң чабуул" эпизодун түзгөн. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча "Семетей" бөлүмүн басмага даярдоого катышкан (1989). Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн "Манас" эпосунун 4-китебинин "Чоң казат" эпизодун даярдаган (1982).

Ой-пикирлер