Кирүү

Манастын туула элегиндеги бабалары

Кыргыздан тарап туулган,
Мунун кайратынан жан чыгып,
Кытайга салган чуулган.
Кайраттуу, мыктуу, заары күч,
Бу да катылганды кылган түз.
Каракан ээлеп турганда
Мейманкана беш сарай,
Берендин жайын сураба,
Мунун белгилүүсү бир далай,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Каракан болуп аталып,
Ал дагы бир мүчөлүү бадирек,
Айзакерден артык эр,
А дагы катылганды кылган түз.
Айбаты бийик, заары күч,
А дагы ааламга чыр салган,
Ал Каракан өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды,
Ошол киши көргөндө,
Аргын менен кыргыздын
Кереге-уугун кыйратып,
Кытайдан Молто кан чыгып,
Келин-кызын ыйлатып,
Кылымга татып чатагы,
Алөөкө деген да чыгып,
Балбандарын шайлашып,
Балбанын мыктуу камдашып.
Аргын, кыргыз аралаш
Өзөн бойлой конгондо,
Каракан өтүп дүйнөдөн
Өрт өчкөндөй болгондо,
Каяшаякка жан калбай,
Каяша айтып коюуга
Калың журттан ал калбай,
Кытайлардын Молто кан,
Калайманды баштады,
Каяшаяк бергенди
Койбой кырып таштады.
Алымын артык жороду,
Кайра айтып койгонду
Кызыл канга боёду,
Кылча жанды койбоду.
Кайраттанып алганда
Калың кыргыз, аргындын
Каны суудай ташыды,
Каракан түшүп эсине
Калың журттар жашыды.
Кара калмак, манжуу журт
Каарын салып узду алды,
Олжо кылып оңбогур,
Беш көкүлдүү кызды алды,
Талдын баарын сулатты,
Тамдын баарын кулатты,
Такыр чаап алды эми
Акыр татыр заманды,
Журт башына салды эми.
Түтүнгө алман салганы,
Тутанып кеткен бул доңуз
Такыр жыйып алганы.
"Ай, Каракан, өлбө - деп,
Бул өңдөнгөн кордукту
Мендесине бербе! " - деп,
Калайыктын баары ыйлап,
Карып калган чал ыйлап:
"Эртең тартып алат" - деп,
Ойноо өспүрүм кыз ыйлап,
Кан талоосу бек азап,
Кандан калган кыргызды
Камчыга ченеп бөлүптүр,
Молто менен Алөөкө
Арага мыктап алыптыр,
Азапты бекем салыптыр,
Алы жок, алсыз кыргызга
Түтүнгө асый салыптыр,
Түгөнүп кеткен ал чочко,
Такыр жыйып алыптыр.
Аргын менен кыргыздын
Жаккан отун өчүрүп,
Жабылта баарын көчүрүп,
Ал Каракан өлүптүр.
Каяша берген киши жок,
Аргын менен кыргызды
Кечээ камчыга ченеп бөлүптүр.
Аргын менен кыргызды
Астын бапан айдаптыр,
Алсыратып ал журтту
Түк койбой баарын жайлаптыр.
Каарланган капырга
Же кармап берер мал калбай,
Же каяша айтар жан калбай,
Тополоңу тоз болуп,
Токтобой качып кайран журт,
Капаланып кайгырып,
Калк айласын табуучу
Каракандан айрылып,
Айласын таппай быркырап,
Кан өлгөндө эки кан
Кайратты мыктап салыптыр,
Кара кылбай калың журт,
Капкайда тентип алыптыр.
Алымына чыдабай,
Бирөө тентип Алтайга,
Бирөө тентип Каңгайга,
Бирөө тентип Урумга,
Бирөө тентип Кырымга,
Элсиз эркин жер калып,
Каны жок, каңгып эл калып,
Каракандын катыны
Кара кийип тул калып
Каракандын өзүнөн
Казына толгон бул калып,
Каракандын сегиз уул,
Мунун баары жаш тегиз уул,
Бул Каракан өлгөндө
Боортокто баары жаш калып,
Болбогон баары мас калып,
Атасы өлүп жаш калып,
Ошо Каракандын сегиз уул
Кээси жалкы, кээси эгиз,
Мунун эрдиги журтка эң тегиз.
Калайыктын баарысы
"Жетим балдар чоңойсо
Мунун бир байдасы тиер" - деп,
Тилек кылып жүрүүчү.
Атасы Каракан кан эле,
Каракандын сегиз уулу бар эле,
Аман жүрүп чоңойсо,
Ажыратып кыргызды
Ала турган бала эле,
Балдардын эрени Жакып, Улак кан,
Кыр жагынан чалдырып,
Казына менен калың эл,
Дүйнөсүн талап алыптыр,
Муну менен ал балдар
Талаада боздоп калыптыр.
Балдар эрешен тартып, эр болуп
Кечээ эр уулу менен тең болуп,
Балдар эрбейип атка мингенде
Абаң Балтай барыптыр.
Акбалтай жайын сурасаң -
Нойгуттун мыктуу каны экен,
Ордолуу журту нойгутту
Алөөкө канга алдырып,
А дагы азып калган чагы экен.
Адырда түмөн көп жылкы,
Ак үйлүү турган Алөөкө -
Акбалтай өңдүү каныңдын
Төбөсүнөн басыптыр,
Дүнүйөсүн чачыптыр,
Кирип кетер көр таппай,
Корголоорго жер таппай,
Акылдан чындап шашыптыр,
Төрөнүн уулу экен - деп,
Жакыпты көздөй качыптыр.
"Каракандын сегиз уул
Бириктешип көрсөм - деп,
Өлсө бирге өлсөм - деп,
Чалгынды бирге чалсам - деп,
Чампандан жылкы алсам - деп,
Тек туруп алым бергенче
Тиштешип жүрүп өлсөм - деп,
Кара калмак, манжууга,
Кагышып жүрүп өлсөм" - деп,
Кайран Балтай канетсин,
Караан кылды Жакыпты.
Кою болду короолош,
Абаң Балтай көк жалдын
Ашы болду жороолош.
"Чалгын барса - чаң бирге,
Бололук, Жакып, кулунум,
Өлүм орток, жан бирге,
Тирүү болсок жыйгандаш,
Өлүп калсак ыймандаш,
Балам, Жакып, кебимди ук,
Менин Алөөкө элимди
Чыгарып ийди жеримден,
Суутту менин демимди,
Сындырып ийди белимди,
Тийип алды жылкымды,
Тим эле ачты уйкумду,
Сындырып кетти белимди,
Кырып салды элимди
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Калкыма кара калмак доо кылып,
Түбүнө тирүүлөй жеткени,
Түгөнгөн нойгут журтумду
Түк койбой кырып кеткени.
Балбандарын байлады,
Эрендердин баарысын
Түк койбой кырып жайлады,
Чалдын баарын сабады,
Кыздардын баарын талады,
Калың казды орумду,
Кытайлардын Алөөкө
Кайнатып ийди шорумду,
Буланы бузуп алганы,
Кадимки нойгут журтума
Бузукту абдан салганы,
Каарын төгүп камады,
Каарына чыдабай,
Кан абаң Балтай жадады.
Укурук тийгис азоо мал,
Үйүң күйгөн Алөөкө
Манжуусуна мингизди,
Кан-казына ордомо
Күрмөлөрүн күлдүйткөн
Күчтүүлөрүн киргизди,
Калайман салып элиме,
Каран түн салды өзүмө.

Ой-пикирлер