Кирүү

Апама арноо

Жаз майрамынын 8-марттын астанасында дайыма көп нерсе тууралуу ойлойм, себеби, каалайбызбыкаалабайбыз бы апаларыбызга арноо айтып, колубуздан келген белек бечкегибизди тартуулайбыз. Азыр да упгундай ойдо турам, 10 баланы чоңойтуп, ар бирин уядан учуруп, турмушка жолдомо берип, акылнасаатын айтып айылдан шаарга уза ткан апама кандай айтсам да жараша турган сөз гүлдөрүн издейм. Издейм да апамдын өзүндөй жөнөкөй, жупуну, жу гумдуу нерселерге арбалып, ааламга сыйган жөнөкөйлүктү апам каяктан алган дейм. Көрсө, апамдагы бардык жакшы сапаттардын бардыгы ошол жөнөкөйлүккө катылган экен.

Апамдын аты Умсунай, атам Улуу Ата Мекендик согуш тун катышуучусу, экөөнүн жаккан оту менен, баскан жолу карапайым замандаштарынан анча деле айырмаланбайт, бирок акылэстин тазалыгын, ыйманызаатты, эң башкысы үйбүлөдөгү ынтымакты сактап, аяр, адал мамиле кылган жагынан алдына эч кимди салбаса керек деп ойлрп кетем. Же менин ата-энем болгоңдуктан ушинтип жатамбы, бил бейм, экөөнүн урупгупталашканын бир да жолу көрбөдүм. Апам атамдын үйдөгү ордун дайыма бийик койчу. Апамды карап биз дагы атама өтө сый мамиле жасачубуз, анын айт каны биз үчүн закон эле. Турмупгубуз эл катары өттү, кээде жетишип, кээде жетишпей жүрүп чоңойдук. Улууларыбыз кичүүлөргө жол көрсөтүп, бирибирибиздин эски кийими бизди кийдик, атамдын алган айлыгы айдан айга жетпейт, апам бизди карап үйдө, ошентсе да короодогу биринэки мал менен тирлигибиз өтчү. Эми ойлосом, жетипжетпей жашаган оокат кызык да, даамдуу да болот экен. Апам бизге: Алдымжуттум болбогула, топук кылган тоёт, деп көп айтар эле. Тентектик кылсак какыскукус кылып урбай, акырын сүйлөп, акырын жаңсаган акылы менен түз жолго салчу. Негизи апам өтө жоош, момун киши. Умсунай деген атын унутуп, айылдаштар Умке деп алышкан. Үйдө чоң ак чара боло турган. Апам ага эки күндө бир ден толтура камыр жууруп, кошунанын көңкөсүнө нан бышырат. Бир бышырганда 1820 нан болот.

Апамдын наны бышканда кошуналар дайыма чогулуп чай ичишчү. Жайыл дасторкон, меймандос апамдын ысык нанынын, чайынын даамын мен эч жерден кезиктире албадым. Август аяктап жаңы окуу -жылы башталар алдында Нарынга келип бизге алган бут кийимдери эле бир мүшөк болор эле. Турмуштун мыйзамы ушундай, айылдагы ата конушунан узап шаарга келдик, апам ар бирибизди окууга жөнөтөрдө: Ак жолуң ачылсын, деп бата берчү. Чындыгында бар дыгыбыздын жолубуз ачык болуп, окууга өз күчүбүз, араке тибиз менен өттүк. Азыр кудайга шүгүр, апабыз мандайы бызда, ал келген күнү үйүбүз толуп, балдарыбыз кубанып өзүнчө эле майрам болуп кетет. Ушул жаз күндөрү апамды, бардык энелерди майрамы менен куттуктап, балдарынын бактысын, өздөрүнүн амандыгы менен ден соолугун ти лейм.

Ой-пикирлер