Кирүү

Этникалык талаанын жиктелиши

Отуз жылдык согуштун (1618— 1648-жж.) аягында чарчап-чаалыгуу байкалды. Анткени менен ал биригүүгө алып келе алган жок. Бир жарым кылым ичинде протестанттар да, католиктер да өздөрүнө мүнөздүү жүрүш-туруш көнүмүштөрүнө ээ болушкандыктан, алардын биригүүсүнө өз ара чыдамдуу мамиле жасоо гана негиз бөлө алмак. Албетте, чыдамдуулук принциби жарыяланган, бирок ал принцип турмушка туруктуулук менен ашырылган эмес. Ошондуктан эски таарынычтар, өчөшүүлөр XVIII кылымда барып араң унутулуп, Европа кайрадан бир бүтүндүккө жетишип, ал "Христиандык дүйнө" эмес, "Цивилизациялуу дүйнө" деп аталат. Бирок бул тең салмактуулук да суперэтностун пассионардык чыңалуусун төмөндөтүү аркылуу араң жетишилген. Мунун өзү Европа үчүн кыйынчылыксыз ишке ашат, анткени пассионарийлер менен субпассионарийлер (баарынан мурда селсаяк-жоокерлер) океандын ары жагындагы колонияларга жөнөтүлүп жиберилген.

Ал кезде колониялык активдүү саясат үч католиктик жана эки протестанттык өлкө — Испания, Португалия жана Франция, Англия жана Голландия тарабынан жүргүзүлгөн. Түшүнүктүү болуш үчүн терминдер жөнүндө макулдашып алалы. Эгерде жаңы басылып алынган жерлерге өз эмгеги менен жан багууга башка өлкөдөн дыйкандар келсе, анда бул колониялаштыруу болот. А эгерде басылып алынган өлкөдөн киреше алуу үчүн аскерий адамдар, чиновниктер жана соодагерлер келсе, бул — колонизатордук болот.

Жергиликтүү калкка мунун кайсынысы жаман — бул башка маселе. Дал ушул жерде протестанттар менен католиктердин диний согушунда пайда болгон европалык суперэтностун бирдиктүү талаасынын бөлүнүшүнүн кесепети ачык байкалат. Американы колонияга айлантууда испандар менен француздар индей урууларынын баары менен болбосо да бир тобу менен оңой-олтоң алака-байланыштарга барышса, англосакстар дипломатиялык мамиледен башка (мисалы, ирокездер менен XVII кылымда) эч карым-катнаш мамиле түзө алышкан эмес, натыйжада алар ар бир өлтүрүлгөн индей үчүн акы төлөп, индейлердин баш терисине (скальп) аңчылык жүргүзүшкөн. Муну теориялык жактан түшүндүрүүгө аракеттенип көрөлү.

Испандар, француздар жана англистер — ушул убакка чейин романдык-германдык суперэтникалык бир бүтүндүктү түзүүчү этностор. Бирок бул бир бүтүндүктүн ичинде алар бири бирине этнопсихологиялык доминанты боюнча дегеле ар башка калк. Американы колонияга айлантуу Реформация менен дал келди, т. а. суперэтностун чүнчүү фазасындагы жүрүш-туруш көнүмүштөрүнүн структурасын толук түрдө кайрадан өзгөртүү мезгили эле. Натыйжада структура жөнөкөйлөнүүгө учурап, калган бош энергия батыш европалык геобиоценоздун сырт жерлерине чачылып кетет. Ал эми батыш европалык геобиоценоздун өз ичинде болсо маданияттагы айрым өзгөчөлүктөр өз өзүнчө бөлүнүп кетет. Тридент Соборунан кийин протестанттар эле эмес, католиктер да өз ата-бабаларынан айырмаланып калышкан. Анткени Савонарола, Эней Сильвий Пикколомини, Игнатий Лойола этномаданияттын бузулушуна Мартин Лютер же Жан Кальвинден кем эмес салым кошушкан. Демек, улуттун өзгөчөлөнүшү — этногенездин табигый натыйжасы, ал эми жүрүш-туруш көнүмүштөрүнүн айырмачылыктары — анын сөзсүз болуучу туундусу. Дал ушул айырмачылыктар европалык колониячылардын индейлерге болгон ар бөлөкчө мамилелерин жараткан.

Испандар индейлердин касиктерин жергиликтүү дворяндар катары эсептешип, алар чокундурулган соң "дон" деген наам ыйгарышкан. Мунун натыйжасында Мексика менен Перудагы индейлердин көпчүлүк бөлүгү аргындашып кеткен. Канадада француздар индейлерче жашоого умтулушуп, XIX кылымда өздөрү да индей урууларына окшоп калышкан. Луи Рилдин көтөрүлүшү учурунда индейлер менен аргындар биригип кетишет. Англосакстар америкалыктарча жашоого макул болбогон индейлерди резервацияларга кууп кийрип салышат.

Бул айырмачылыктарды биз мурда сунуш кылган этникалык талаа концепциясы боюнча (430-432-6.) түшүндүрүүгө болот. Эгерде ар бир суперэтнос өзүнө тиешелүү мүнөздөгү термелүү ылдамдыгы бар талааны түзсө, мындай учурда суперэтностордун талаалары бири бирине ар кандай даражадагы жакындыктарда жатат. Демек, "католиктик" этностордун талааларынын термелүүсү индей этносунун талаасы менен "үндөшүп", ал эми протестанттык талаада андай үндөштүк жок болгон деген бүтүм чыгара алабыз. Европанын дээрлик бардык улуттары XVI кылымда гана католиктерге жана протестанттарга бөлүнүп, ар кими өзүнө ылайык жүрүш-туруш адаттарын тандап алышкан болучу.

Текшерип көрөлү. Улуу орустар бир кыйла олуттуу деңгелде орус маданиятын кабыл алган татарлар жана буряттар менен аралашып, ал эми өздөрү жеңил эле якуттарга сиңип кетишкен, а бирок угор элдери славян эли менен узак мезгил бою өтө тыгыз жана достук байланышта болгонуна карабай өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн сактап келатышат. Анткени менен орустар алеуттар менен эскимостордун колдоосуна карабай Аляскадагы жана Калифорниядагы индейлер менен жалпы тил табыша алган эмес жана бекем орношуп да кала алган эмес. Отуз жылдык согуш мезгилинде орустар Католиктик лигага каршы Протестанттык унияны бекеринен колдобосо керек. Россия ал кезде немис-протестанттарды кызматка алып, Голландия менен соода жүргүзүп турган. Чындыгында католиктик агымдын окуусу, догматикасы жана ырым-жырымдары жагынан лютеранчылыкка караганда православиеге бир топ жакын турат. Сыягы, мында да идеяга караганда этникалык жакындык басымдуулук кылат окшобойбу.

Түштүк Африкага келген протестант-голландиялыктар, француз гугеноттору жана немистер — "бурлар" деп аталган бир этносту түзүшкөн. Алар жергиликтүү элге катаал мамиле жасашкан. Кулчулук Трансваалда 1901-жылы гана жоюлат. Ал эми Гаитиде француздар негр-кулдарды француз тилине үйрөтүшүп, католик динине тартышкан. Негр кюрелер католик динин өздөрүнө ылайыкташтырып колдонушкан. 1792-жылы Англиянын флоту революциячыл Францияны кысымга алганда негрлер француз жер ээлерине каршы козголоң уюштурушуп, француздарга болгон өз мамилелерин мындайча билдиришет: "Кудай ак адамдарга келсе, ак адамдар ал Кудайды өлтүрүп салышты. Ошондуктан Кудай үчүн өч алып, ак адамдарды өлтүрөбүз". Анан аралда жашаган бардык француздарды кырып салышат.

Канткен менен бул таптакыр кол үзүү эмес, суперэтникалык деңгелде катнашуунун бир көрүнүшү болгон. Гаитилик негрлер азыр эзелки дагомейлик диний ишенимди — Вода культун — жыланга тайынууну кайра калыбына келтирип алышты. Алар өздөрүнүн жашыруун өткөрүлүүчү диний ырым-жырымдарына катышууга католиктерге, анын ичинде европалыктарга гана жол беришет.

Жогоруда баяндалып жазылган байкоолордон улам Реформация идеялардын козголоңу болгонго караганда көбүрөөк түрдө, чүнчүү фазасы, т.а. акматикалык жана инерциялык фазалардын ортосундагы аралык фаза болгон деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Ой-пикирлер