Кирүү

Айдай сулуу Айчүрөк

"Кыргыз эпосунда Семетей менен Айчүрөк упгул бел кудалык салт боюнча эле эмес, өз алдынча биринбири издешип, табышып, көрүшүп, жактырып, сүйүшкөнү үчүн үйлөнүшкөн. Семетей менен Айчүрөктүн махабат мамилелери Чын кожо менен Толтойдун Оогандын ханы Акундун шаарын камап турган учурунан баштап баяндалат.

Эпосто Айчүрөк перинин Акункан таап алган кызы катары айтылат. Айчүрөктүн алгачкы теги асман менен (жогорку күчтөр менен) байланыштуулугун анын ысмынын этимологиясы белгилеп турат. "Ай" жана "чүрөк" деген эки сөздүн тутуму нан турган бул ат байыркы кыргыздардын көп кудайга (Көк теңирге, анын составдык бөлүгү болгон айга, күнгө, аккуу га, чүрөккө) сыйынган анимисттик, магиялык, тотемдик түшүнүктөн келип чыккан сулуулуктун символу экендигин "Манас" изилдөөчү окумуштуулар белгилешет. Ошондой эле эпосто Айчүрөк перинин кызы (пери байыркы перстердин мифологиясында жакшьшык кылуучу кереметтүү сулуу аял) катары да эскерилет. Мифтикперилик тегине байланыштуу "жаныбар кейпине келе алуучу каармансыйкырчы, жаны бардын терисин (кебин) кийип жүргөн каарман" Айчүрөк ак куу кебин кийип кубулуп, асмандан учуп жүрүп көптөгөн баатырларды сынап жактырбай, эли шандуу кыргыз, атасы атактуу Манас, жердеген жери Таласка келип, Семетейди көрүп, купулуна толтурат.

Кереметтүү аял катары Айчүрөк өзү каалагандай нерсе лерге кубула алат (ак кууга, ак чабакка, ак булага); табият ка түздөнтүз таасир этип жамгыр жаадырып, жөө туман түшүрүп, Семетейдин Акпгумкарын алып кетет; Коңурбай ; дан жараланган Семетей өлгөнү жатканда үстүнөн үч аттап анын денесиндеги окту түшүрүп айыктырат. Мына ушундай кереметтүү касиеттери менен бирге Ай чүрөк акылдуулугу, аялдык аруулугу, ашкан сулуулугу, на зиктиги аркылуу да Семетейге жуп келген.

Ой-пикирлер