Кирүү

Койдун сүтү коргошун

"Койдун сүтү коргошун". Ар бир бештүлүктүн азык-түлүгүндө айырмалуу жагдайлары бар. Сыңар туяктуу жылкынын сүтү кымыз

үчүн атайын жаралган. Ача туяктуулар: тоонун, уйдун, топоздун, эчкинин, койдун сүттөрү дарылыгы, каллориялуулугу, аш болумдуулугу жагынан алар ич-ара айырмаланат. Муну ичинен койдун сүтү башкача бааланат. Укмуштй күчтүү келет, айраны-жуураты, сүз.лө, курут үчүн жаралгандай. Эжигей уютууга койдун сүтүнүн коюулугу, майлуулугу менен артылат. Ошондуктан, "койдун суту коргошун, кой уурдаган оңбосун", - дейт Бекбекей айтуучулар. Кой саалбай калганы эжигей аттуу асыл тамак жасалбай, желбей, кийинки муундар билбей-туйбай калды.

Ой-пикирлер