Кирүү

Акча. Акчаны кантип иштеп табуу керек?

Мурда бардыгына тыюу салынган. Азыр болсо мыйзам тыюу салбагандын бардыгына уруксат берилди. Ошондуктан ар бир окуучу иштеп акча табууга кирише алат. Иштей турган ишти туура тандап алуу үчүн айрым бир нерселерди окупүйрөнүү, ишкер адамдар менен сүйлөшүп, кеңешип көрүү керек. Биз үчүн бардыгын атаэнелерибиз чечет деп күтүп отура бербегиле. Өзүңөр издеп, өзүңөр чечкиле. Ал эми баштоодон мурда жок дегенде С. Мошиндин "Көп акчаны кантип иштеп табуу керек?" деген кичинекей китепчесин окуп чыккыла.

Бул китепче 1991жылы Москвада жаш бизнесмендерге өз алдынча окуп үйрөнүүгө арналып чыгарылган. Мына ойлонуу үчүн бир нече идея. Жалгыздап киришсеңер да болот. Мисалы: светофордун "кызыл" сигналына токтоп калышкан автомобилдердин айнектерин сүрүүчү болгула. Көп балдар ушинтишет. Бирок алар муну күндүз, мектепке барбай, сабактын учурунда иштешет. Анткени сабакты калтыруу келечекте алардын билим деңгээлине, демек, алардын рынокто ала турган ордуна тетири таасирин тийгизет. Ал эми дем алган абасычы? Бирок бул жоктон көрө жогору.

Мындай ишти кайсы убакта иштөө жөнүндө ойлонуу гана керек, көбүнчө автомобилдердин айнектери чынында да булгана турган жаанчачындуу күндөрдө чыккан жакшы. Токтогула! А мүмкүн айнек жууш боюнча ңз кызмат көрсөтүүңөрдү терезелердин айнектерин жууш үчүн кандайдыр кайсы бир мекемеге сунуш кылып көргөнүңөр жакшы болуп жүрбөсүн? Бул иштеп жалгыздабай, экиден, үчтөн, төрттөн болуп иштеген дурус. Бул мекемелерди кыдырып, жүгүрүп жүрүүнүн деле кереги жок. Телефондун дискасын бирэки саат айландырсаңар он номердин бирөө жооп бериши ыктымал. Мындай мекеме, уюм менен келишим түзүп алууну унутпагыла, ал келишимде иштин шарты менен ала турган акыңардын өлчөмү так көрсөтүлөт. Ошентип, ишке кирише бергиле!

Мындан башка да бут тазалоо боюнча пункт уюштурсаңар болот. Эч нерсе чыкпайт деп ойлойсуңарбы? Чыкканда да кандай чыгат дейсиңер. Таза, тыкан кийинип, жарнаама, көрнөгүңөр жана жакшы аспаптарыңар менен клиенттерди өзүңөргө тарта билүүңөр гана керек. Өзүңөрдүн адамдар эмне дейт, тааныштар эмне дейт деп кымырылып кысынганыңарды да жеңе билишиңер керек. Эсиңерде болсун: уурулук кылып, тиленип жан баккан уят! Иштеп акча тапкан уят эмес!

"Граждан таануу" окуу китебинен

Ой-пикирлер