Кирүү

Японияда саясий ойдун өнүгүшү

Тарых фактыларына таянсак, анда Япония искусствосу, адабияты, дүйнөгө болгон көз карашы өтө ар түрдүү жана ар мезгилдердеги элементтердин негизинде пайда болуп, башка кошуна өлкөлөрдөн, биринчи кезекте байыркы Кытайдын маданий мурастары менен жуурулушуп, бир нече кылымдарды камтыган. Узак мезгил ичинде өнүгүп, өсүп, эми бүгүнкү күндө дүйнөлүк жалпы адамзаттык маданиятка өзүнүн көөнүргүс салымын кошууну күндө арбытып барат. Япония сыры, япон элинин руханий күчү, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Өзүнө буруп, чоң кызыгууларды пайда кылууда. Япония цивилизациясы – тарых мезгилинин кийинки этаптарында пайда болгон, жаш цивилизация. Япон аралдарында адамдардын келиши мурунтан эле башталса да, интенсивдүү миграция б. з. ч. 1 миң ж. орто ченине туура келет.

Бул мезгилде Корей жарым аралынын түштүк бөлүгүнүн Ва уруулары Япон аралдарына өтүп жергиликтүү элдер менен аралашып кетишкен (С. А. Старостиндин изилдөлөрүнө караганда жана корей тилдери бирине-бири көбүрүүк окшошот). Бул уруулар ал мезгилде алгачкы коомдук түзүлүш доорунда турушса да, мына ошол кезден баштап – япон тарыхынын бардык мезгилдеринде анын өзөгүн түзүп келген, бүгүнкү күндө да дүйнө элдеринин чоң кызыгуусун туудурган, – башка элдер менен байланышуудан улам пайда болгон жаңылыкты, билимди, тажрыйбаны ж. б. илип алуу, аларды үйрөнүү жөндөмдүүлүгү башталган. Чет элдиктердин билимин, үлгүлөрүн өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү, III –IV к. Японияда Ямато мамлекетинин түзүлүшү менен, өзгөчө маанилүү боло баштайт. IV –VII к. – коргондор мезгили ("кофун дзидай") деп аталып, коргонго окшош курулуштардын кеңири таралышы (10 миңден ашык), "Кодзики" (712), "Нихон секи" (720) жазма эстеликтеринин маалыматтарына караганда, бабаларга сыйынуу жана кудайга сыйынуу салтына байланыштуу болгон. Бабаларга сыйынуу япон дини – синтоизм үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Бабаларга сыйынуу салты мамлекеттик деңгээлде күн кудайы Аматэрасу, б. а. башкаруучу уруунун тегине сыйынуу менен алмашылган.

Ошентсе да, ар бир уруунун өз бабаларына сыйынуучу күчтүү салттарынын болушу жана ал уруулардын көпчүлүгү өз тегин "кудайдан жаралган" деп эсептеши бирдиктүү мамлекетти түзүүгө тоскоолдук кылган. Таптык коом өнүгүүгө жеткен байыркы Кытайдан буддизм дининин Япондуктар тарабынан өздөштүрүлүшү чачыранды урууларды баш коштуруп, көптөгөн саясий реформалардын ишке ашышына түрткү болуп, Японияда "империянын" орношуна шарт түзгөн. VII –VIII к. "Кодзики" жана "Нихон секи" мифтик жазма эстеликтеринин кайрадан иштелип чыгышы синтоизмдин негизинде жалпы мамлекеттик идеологияны иштеп чыгууга жол ачып, мамлекеттик структурадан буддизм акырындап сүрүлүп чыга баштаган. Япон мамлекетинин борборунун 784- ж. Нагаока, ал эми 194-ж. – Хейан шаарына көчүрүлүшү бул процессти ылдамдаткан. Ошентсе да, бир топ убакытка чейин мамлекеттик тил катары, адабияттын, поэзиянын тили катары – кытай тили жашап келген.

Япон тилинде түзүлгөн алгачкы чыгарма – "Ман’есю" поэзиясы (VIII к аягы). Мында "кылымдардан бери ар бир император Аматэрасу кудайынын тукуму болуп эсептелет" – деп айтылат. Япония тарыхынын бардык мезгилдеринде монарх саясий бийликке караганда маданий-диндик бийликке көбүрүүк ээ болгон. Япониялыктардын улуттук мүнөзүнүн көп белгилерин билүүгө тенноизм саясий доктринасы жана "кокутой" концепциясы жардам берет. Мезгилдин өтүшү менен коомдогу ири өзгөрүүлөргө ушунчалык тездик жана ийкемдүүлүк менен мамиле кылуу жана ошону менен бирге өзүнүн кылымдардан берки маңызын сактап калуу – япониялык монархия институтунун башкы өзгөчөлүгү.

Мунун негизги шарты катары Япониянын мурдатан келе жаткан социалдык структурасы – "иерархиялык община" эсептелет. Улуттун коллективдүү жашоосу – бул башкы идея, ар бир япондук гражданин өзүнүн улутуна өз үй-бүлөсүнө жасагандай мамиле кылып, анын алдында ыраазычылык жана адамкерчилик сезимдер болууга тийиш. Бүгүнкү күндө байкалып калган япония улутунун руханий жана маданий кризистеринин себеби Батыштагы өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөн япон маданиятына мүнөздүү эмес баалуулуктарды, сапаттарды өздөштүрүүгө болгон аракет, – деп эсептешет. Булар терс сапаттарга – индивидуализм, инсанды обочолонтуу кирет жана алар салт болуп калган мамилелердин гармониясын (коом, үй-бүлө мамилелери) бузат деп эсептешет япондук саясатчылар.

Ой-пикирлер