Кирүү

Көк-жаңгак шаардын арманы

Шахтёрлор шаары элем,
Көздөр тойбой суктанган.
Арзан жашоо жыргалы элем,
Москвадан үн салган.
Башка жерге шамал жүрсө,
Мени аралап шум куюн.
Бомба түшпөй "бомбаландым",
Бузуу оңой, куруу кыйын.
Ойго албай шылуундарым,
Гүлдүү шагым талкаладың.
Жүлүнүмдү жулуп таштап,
Жүрөгүмө колуң салдың.
Коюнумда ойноп жарандарым,
Киндик кескен арамдарым.
Тартынбастан тарп калтырып,
Келечегим балталаштың.
Кара алтынга коюн толо,
Тепловоз үнү жаңырган.
Эңсеп турам сагынып,
Үн жок, шаар жаңырткан.

Ой-пикирлер