Кирүү

Жоокердин көз жашы

Жоокердин көз жашы

Жоробек буга чейин үч жолу жарадар болгон жоокер. Бирок ок кайып тийип, же снаряддын чачырандысы гана чарпып кеткендиктен эки айдан ашык госпиталда жат-кан эмес. Кайра эле "сен кайдасың" деп аты жок, циф-ралар менен гана белгиленчү өз бөлүгүн издеп жөнөр эле. Бул сапар ал катуу жараланды. Оң колун осколка жулуп кетти. Чыканактан төмөн жагы салаңдап терисине или-нип калган анысын талаа госпиталына жетээри менен чарт кесип туруп, өзү жаткан стол жанындагы чарага итке сөөк ыргыткандай өңү купкуу, оозу-мурдун ак даки менен байлаган хирург ыргытып таштады. Палатада жа-тып, наркоздун көңүл айланткан жыты, нары күчү ке-тээри менен а дегенде эле анын эсине Дарика түштү. Ууртунан такыр жылмаюу үзүлбөгөн ак саргыл Дарика ошол калыбында дары жыттанган, онтоого толгон пала-танын эшигин мындагы сестралардай акырын ачып ки-рип келди да, бажырайып Жоробегин тиктеген бойдон туруп калды. Анын бул тааныш жылмаюусуна караган-да сүйгөн жигитинин майып болуп калганына кейиген, кайгырган эмес, тескерисинче табалагандай түрү бар.

Жоробек биринчи жолу өксүдү.

Ой-пикирлер