Кирүү

Алкыш сага

Москвага ала кетчү кол жазманы тейлеп шашып олтургам. Жел түрткөндөй кабинетимдин эшиги табышсыз ачылып, адегенде мурду көрүнө калып, анан узун бойлуу жаш жигит иймене кирди. Ал мага кол берип учурашаарында кулагына чейин кызара түштү да, кеби сылык чыкты: — Кечириңиз... Ишиңизге тоскоол кылган жокмунбу? Бул жигиттин өзү менен көрүшө элек болсом да, "Ак жаан", "Асма көпүрө" деген аңгемелерин окугам. Алар мага негизинен жагып калган. Жаш талап, жаш жазуучу менен сүйлөшкөнүңдө ак дилиңди төгүп, ансыз да ийменген жашты өз ичиңден сынай олтурасың. Ички дүнүйөсүн таанып калгың келет. Тигил жигит ыйбалуу, токтоо боло туруп анын өзү сезбеген калдастыгы, шашмалыгы сырткы оройлугу эмес, ички талабы аны тынчытпай турганын билгизди. Биз бир аз сүйлөшкөндө эле, анын койгон суроолорунан, кебинен, Кыргыз" дегенди укпаган кишилерге аны таанытып, даңктап жүрөт. Алар сен жараткан каармандар, Чынгыз. Жазуучуга мындан артык урмат, мындан артык сый болбойт! Эмесе, калемдеш агаларыңдын атынан сени, дал ушул эмгегиңдин жеңиши менен куттуктайм! Кымбаттуу иним! Өзүңө жашыруун айтаар кеңешим: өмүр улгайган сайын чыгармачылык жашара берет. Сен дал ушул жагыңдан картайбас бол. Өмүрүң узун болсун, жылдызың жана берсин!

Ой-пикирлер