Уяңдык
Уяңдык. Бул - уяттуулуктун бир түрү. Адептүүлүккө барып такалат. Адамдагы назиктик. Кыз кыялдуулук. Улан-кыздарга таандык көрүнүш. Ар нерсеге жумшак мамиле кылуучулук. Мисалы, бирөөгө өтүмү жок неме дейбиз. Айрымдар шакылдап-какыл-
дап, жаш да болсо жандай салып, бир нерселерге аралашуула-ры бар. Туура, пенделер ар кандай жаралат. Тайманбастар, кур-чтар, жалтанбастар да кездешет. Уяңдык алардан айырмаланат. Кээде ойдо караса чакчак, ылдый караса кашак аталат. Аларга Караганда, бул жакшы сапаттардын катарына кирет. Кыргыздын салтында уяң жаштарды сүймөнчүлүктө карашат. Т.а. ал жаш-тардын сыпаалыгы-сылыктыгы. Мында улууларды урматтоосу табыгый жүрүш-турушунан билинүүсү.
- Айрым ата-энелердин терс тарбия-таалими
- Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү
- Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу
- Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
- Ат оонаган жерде түк калат
Ой-пикирлер