Кирүү

Туура жол эмес

Туура жол эмес. Эне ичинде кудайдын кудурети аркылуу пер-зент чоңоет. Коз жараары менен Мекендин абасын жутат. Айлана уксун, аалам күбө болсун деп "Асан" чакырылат. Атын коет, сэры май оозантат. Ак эмчек берет. Эне баланы балкып эмизет. Аркар жылдыз батканча, алты айланып эмизет. Мында ата-эненин ич-ара камкордугу артылат. Бала үчүн оңго-солго толгонушат. Багат, сүйөт, ошентип, ата-эненин көөнү балада дейли. А баланын көөнү талаага кетүүдө. Ата-эненин айрымдары баласынын обону менен болуп ка-лат, оозунан чыккандарын орундатат. Эми ошол бала башкаларга азгырылса, чөйрөсү өзгөрүлсө, ушундан улам улуттук ар-намысы-быз түшүп жатпайбы?!

"Биз кадимки турмуштан етө четтеп кеттик. Өзгөчө азыркы жаштар. Алар бардыгына кайдыгер болуп калышты. Кээде алар-дын сарамжалдуулуктары цинизмге (уят-сыйытты билбегендикке), ырайымсыздыкка өтүп кетет. Мүмкүн бул бизнес үчүн жакшыдыр, бирок адамдын жан-дүйнөсү үчүн кыйраткыч күчкө ээ", - дейт Ч. Айтматов. "Чүй баяны" 21-27-май, 1999-жыл. ("Аргументы и фак­ты" газетасынан которулган).
Анда айкел Манас атанын таштын уюлундай бышык, ары баа-тыр тукумун жер каратып, намыстык наркка-салтка камчы ойнолот. Турмушка жеңил карап, езүн-езү билип, етүгүн терге илет. Т.а. ата-эненин сезүн, акылын, жүрүш-туруштарын тыңдоочулар көп эмес. Ошондой кыздарына үлгү берүүгө, үндөктөп алууга дарамети аз, жеңил ойлуу, өзү да ойсеке энелер: "Заман ушул, алар туштугун көрсүн, ойноп-күлүп, кийип-ичип алсын. Менин эле кызымбы, баары ошондой жүрбөйбү?!" -дегендер өзүнүн перзентине өзүлерү баш тоголотуучулар, жетесине шек келтирүүчүлор.

Ой-пикирлер