Кирүү

"Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр"

"Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр". Адатта, келиндин келиши - ошол уй, бир атанын балдары, урук, айыл, деле эл үчүн чоң жаңылык туюлат. Себеби анын эли-жери, уругу суралат. Каада-салты, келип тушкен туруш-турпаты, өңү-түсү, үстү-башы, себи, төркүн-төсүнүн байлыгы, б.а. бардык мартабасы тугол баамдалат. Ошону менен бирге кайын-журтуна көрсөткөн сый-урматы, албетте, илгерки шартта "отуз күндүкоюн-шоокто", "кырк күндүк кыңшылатууда" төркүндөрүнүн сый-урматтары ж.б. жактары ошол келин келип түшөөрү менен эле биякка дайын болот. Муну аңыз катары айтышат. Келин тоюн кандай өткөрүшөт. Салт-санаалары, кирип-чыгуулары үчүн дайым даңазалуу жактары эсте калат.
"Кемпирди олгондо кер". Бул бир кездеги ошол тукумга келип түшкөн келин. Бала-бакыралуу, небере-чөбүрөлүү болду. Ошол жердин тукумун көбөйттү. Жашады, ичээр суусу, көрөөр күнү бутту. Бул жарык жана жалган дуйне менен кош айтышты. Эми муну бала-бакыралары, эли кандай узатат. Кыргызда биринчи ирээтте, кайсы малды соет.кандай кийим илет. Дооран жаназасына эмне коет, бардарбы же жону жукабы, же аянып калышабы, "туз көмгөндөй" кылып коюштубу? Айыл ичи өзүлөрү баа беришет. Ич-ара кеп-создер журуп калышат.

Ой-пикирлер