Кирүү

"Ат, аттан кийин жат"

"Аты жоктун буту жок", "ат-адамдын канаты", "жанга олчолугу жалгыз ат", ж.б. Ат тууралуу макалдар, маселдер биринин маанисин бири толутайт. Тоолуктар ат жандуу эл. Ат адамдын жолдошу. Жоого барса бир барган, жоонун жайын бир чалган, казатка барса бир барган, казаттын жайын бир чалган Камбар ата тукуму. Бул жөнүндө терең айтылып да, жазылып да келууде. Карыялар каркырадай катар жайлоодо биржүрүшчү. Желеси бар жерге кымыз ичууго атайын бастырып түшүүчү. Аттарын алышчу. Аларга урмат-сый менен дасторкон жайылчу. Аш-тойлорго, топко барып, таң-тамашаларды көрүшчү. Кары денеге ат усту дымак берүүчү, өзүнчө дене тарбия болуучу. Ат жок эки жакка чыгуу-жылуу кыйын эле. Кыскасы, макал ушундан улам айтылган.

Ой-пикирлер