Кирүү

Той ээсинин сыйы

Той ээсинин сыйы. Адатта, той берүүчү үйдө мал союлат, күрүч демделет. Абалы, меймандар айткандай, конок алуучу үйгө түшөт. Ошондо жатып турушат, эртеси күндүз түшкө дейре той ээсинин үйүнө алиги милдеттүү коноктор келет. Эми аларга табак тартылат. Меймандар тамак-ашты жеп бүтөөрү менен бата тиленет. Айрым-дарына үй ээси жай айтат, кийит кийгизет. Анан элдик тамашалар-ды көрүүгө женешет. Андан ары жай-жайларына тарашат. Жакын-дары, жерге-жээктери, тайаке-тайындары, кайын-журттары, дос-та-мырлары кайра да конок болуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ой-пикирлер