Бөлүнүп-жарылуу
Бөлүнүп-жарылуу.
"Бөлүнсөң көкжал бөрү эмес,
Бөлтүрүк деле жеп кетет" (Байдылда)
Кыргыз Ата демократия, уруктар, уруулар, эл, башка улуттар арасындагы ынтымактарды бири-бирине жагызуу аркылуу сактап кел-генин кары тарых калп айтпайт. Кыз алышуу, куда-соок кутуу, короо-лош, ирегелеш отуруу, жорго мингизип, дос кутуу, тошундо малы, тошогундо жары болгону ж.б. жагдайлары менен ынтымак чындал-ган. Мына азыр болунуулор-жарылуулар бар. Алар уруулар арасын-да, уруктар ичинде, ал турсун бир атанын балдарынан жакын-алысы чыгып, "жаман да болсо оз улагыбызды теке салабыз" болуп жатка-
ны жашыруун эмес. Мындай кээри кеткен корунуштор бироолорго бирдеме беруудо, мекеме, мектеп, кочо, жер аттарын озгортуудо, т.а. бойроктон шыйрак чыгарууда дүүлүгүүлор-желигүүлөр мурун болуп көрбогөндөй деңгээлге жетүүсү.
Биринчиден, ал инсанбы, (чынында, "инсан" деген созду этият-тап айтуубуз тийиш) же айыл атка минерби, муну баамдоосу зарыл.
Экинчиден, артында калтыруучу мурастары барбы, анысы түбөлүккө элдик кенч катары сакталуусу, тарыхта оз ордун табуусу, арийне,бул жагын ботончо эске алуусу керек.
Үчүнчүдөн, тирүүсүндө эмес, көзү өткөндө билинүүсү тийиш. Маркумдун эмне мурасы, керээзи, табериги бардыгын калыстар чечүүсү, баа беруусу, анан бир нече убакыттан соң калың калкттын сынынан өтүүсү керек.
Төртүнчүдөн, мезгилдин бүктөмүндө калбоосу, ж.б. шарттарын сактоо парзыбыз. Бөлүнүп-жарылуу жаман адаты мында да күчөп, дүүлүгүүнүн-жээлигүүнүн аягы бөтөлкө менен чечилип калды.