Кирүү

Ат оонаган жерде түк калат

"Ат оонаган жерде түк калат"Сөз төркүнү "Аркалуудан оона-бас, азуулуудан кепшебес" - деген макал бар. Азуулуудан төө, уй, топоз, кой, эчки кепшейт. Аркалуудан оонабайт. Азуулуудан кепше­бес жылкы. Жылкы жаныбар оонаса, сергий түшөт дейт. Ошондо оона­ган жеринде түгү жабышып калат. Отмо мааниде айтканда "тук ка­лат", - мисалы, мал сойгон орунда бирдеме ташталат. Чыпчырга-сын коротпой жүктөп кетпейт. Бышырып жешке колкесер, ичеги-ка-рындан, арка-моюндан, кызыл басканда кырманда кырман түп ка­лат. Кууруп жейт, тартып алат. Уста узанса, темир-тезектердин сы-ныктары артат. Алардан ылайыкталып, буюм-кече жасалат. Кой кыр-кында, эчки, топоз кылтактоодо, төө тоноодо, жылкынын жал-куйру-гун кыркууда ошол өнөктүккө катышкандар куру кол кайтпайт.

Сыпайкерчиликте "Ат оонаган жерде тук калат", - деп кыргызда салттуулукту, нарктуулукту жасашат.

Ой-пикирлер