Кирүү

Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат

"Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат".Мында сез ич-ара катыштарды эске салат. Куда-сеоктер, тууган-уруктар, дос-тамырлар арадан жамандык-жакшылыктарда кошумча кошушат. Ар биринин алып келгени эсепке алынып, эсте турат. Анткени кийин ага кайра эмне алып баруубузга бул тактык, төптүк болот. "Ал мага муну алып келген", "Куру кол эле келген", "Айтып келип, бербей койгон".

"Тиги кудам жылкы жетелеп келген", "Ал досум кой сойгон". Мын­дай эсептөөлөрдөн соң ошого карата катыш жасап, эмне алса, ошо­ну беруусу, минтип макалга айланып кеткен.

Ой-пикирлер