Кирүү

Таң каракчысы

Таң каракчысы. Мында сез маанисинин чордону-каракчы. Ал ай-талаада, жан жок жерлерде адамды тоноочу тируу адам. Таң ка­ракчысы - таң атаар алдындагы караңгылык. Караңгыда ары бери өтүүчү адамдарды тоноо менен бул отмо мааниде түшүндүрүлүп отурат. Таруу эккен жерлерде, таранчыдан тарууну коргоодо жана карышкыр, ЧӨӨДӨН сактанууда, аларды сестентүүдө адам сөлөкөтү короонун алды-арттарына коюлган. Ал да каракчы деп аталган. Ка-ракчы -азыркы рэкэттер, тоноочулар. Кыргыздар илгери ууруну "ка-рак" дешиптир. Аны аткарган адам каракчы болуп калган. Акыйкатта каракчылар - кара мүртөз чоң уурулар. Алар кобунчо тун ичинде жойлошкон. Ууру, бору, каракчы - үчөө үзөнгүлөштөр. Карылар "Ачарчылык алты агайын адам. Аларга каракчылык, уурулук, кур-гакчылык, котурчулук, согуш озу болуп саналат" - дешкен. Карак­чылык, уруш убактарында, тартыш турмуштарда, пейил тарып, адам-дан ар-намысы качкан, абийирин саткан шарттарда өкүм сүрөт.

Ой-пикирлер