Кирүү

Талкан - күл азыктарынын бири

Талкан - күл азыктарынын бири. Андан жарма жасалат. Анын сут жарма, кара жарма, сорпо жарма, максым ж.б. түрлорү токчу-лукту билдирген. Талкан - асыл тамак. Чалмакей чалуу (сүтко тал­кан чалып, суюгураак кылып ичип-жеш), каймакка, сэры майга тал­кан мыкчып берүү, сүзмонүэзип, талкан чалып ичүү. "Талканы бар " бала сүймончүлүктүү" (макал). Талканы барлар ток турат дегенди туюндурат. Даамдын бул түрүн даярдоо анча кымбат эмес. Чийки дан казанга куурулат. Сокуда күйшолот. Эгер арпада чар болсо, калбырдан откорүлот. Таза дан иргелет. Т.а. талкандын даана жер-диги арпа болуп саналат. Мындан сырткары буудай талканы, жүгорү талканы бар. Буудай күйшолбойт. Тегирменгетартылчуталкандык арпа анча откоро куурулбайт. Ал анткени сууга кайнатылат. Жар-гылчактык талкан бышыгыраак куурулат. Себеби, ал максымга ча-лынат, сутко коолонот, каймак майга мыкчылат. М.а. талкан жасо-

ого анчалык билим, зор тажрыйбанын зарылдыгы жок. Энелерибиз даярдап, канааттандырып келген азыктын азыр күн тартибине ке-лиши керек. Суу тегирмен чуркатуу - доетулук милдет. Жаргылчак тартуу - феодализмге чегинуу эмес. Ар нерсе турмуштук зарылчы-лыктан, адам өзүн-өзү тейлоеден келип чыгат. Тилекке жараша бугун Кыргыз Атанын тукумдары, келечек муундары ез жашооло-рун өздөрү татаалдаштырып барат. Апгылыктуу жашоолору үчүн күрөш, атаандаштык, элдик ар-намыс билинбейт. Турмушту кол менен кармап, коз менен көрүү керек.

Мурункулар букулу дан болсо, туз болсо, суу болсо, май болсо андан тамактын баардыктүрлөрүн байыткан. Кадимки ыкшоолуктан, жалкоолуктан, турмуштуктажрыйбага аралашпагандыктан, муундар кур алакан, ач езек калып отурушат. Буга Караганда базарда алып сатардык кылып, жел жутуп отуруу арзандай туюлат.

Азыркылардын арбыны бадырак деген эмне, куурма чай, кош-кон май, олобо эмне, билеби, эжигей тууралуу түшүнүк жок. Куй-рук боор, жоргом, конок, таруу, сулу, буурчак, айтор, жаштар эмес, орто жаштагылар эмне жасалаарын аңдашпайт. Мына Кыргыз Ата­нын урпактарынын абалы! Тарчылыкты, ачарчылыкты озулору ча-кырып отурушат.

Илгери айрым аймактарда, кышкы согум этинен "Түймеч" кы-луучу. Кебүнчо Талас тарапта кара кой союп, чыпчыргансын кал-тырбай "Калжа" кайнатса, кызырэмдүүтай союп, "Силкиме" кай-натып, кыштык азыктарын даярдап алуучу. Мында белгилүү елчомдо суу куюп, туз салып кайнатып, ага сейдене чоп, аталгы чеп, талзын чеп жана кызыл гул ж.б.ларды салып бышырууда жыты буркурап, чай менен ичип-жеште ичтейин абдан ачылчу, суукка да байымдуу кылуучу.

Ой-пикирлер