Кирүү

Суу алуу

Суу алуу. Тестиер чактарынан тартып суу алууну езүнө милдет катары сезишкен. Суу көтөрүүдө да кыздардын адептүүлүгү били-нип турган. Адатта, шар суудан чакага сузуп алууда, абалы, "быс-мылла" деп, келме келтирген. Денесине суу чачыратпаган, сууну чайпалтып көтөрбегөн, чакага сууну көтөрүшүнче алган.

Эгер эки чака сууну апкеч менен ийинге алса, кыздарда басуунун, кадам таш-тоонун адеби бар. Арышты ченем менен керишкен. Бешкекүлдөр, бийкечтер, адатта, сууга кебүнчө жеңелерин ээрчишкен, кеңүлү түшкөндөрү менен кыз булак башында, же суу боюнда, же айлуу түндөрүндө тик карабай жүздөшүү ылаажысы болгон. Суу алуу, суу куюу, суу кайнатуу, бирееге суу сунуу, сууга кол жуу.сууга жүз чаю-уда кыргыз кыздарынын адеби укмуштай сакталган.

Ой-пикирлер