Кирүү

Союл көтөрөөр

СоюЛ кетөреер. Кыргыздарда эркек уулдуу болуу - жеке эле артында калуучу туяк, уй ээсинин ордун басуучу эле эмес, эли-жери үчүн кызмат кылуучу катары баамдалуучу. Мал киндиктүү элде-жер-де ууру-борулер, жылкы тийүүлер сезсүз болгон. Урук-туугандар ылым санап конушкан. Демек, эркек балдар ошондой шартта озүнүн
элин сырткы душмандардан сактоосу тийиш. Уруу чабыштарда союл алып, беттей чыгышкан. Мал-жанын кайтарып, куну-туну сакчылык-та турушкан. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" (макал).. Союл көтөрөөр - эркек уул, демек, ал эр жеткени.

Ой-пикирлер