Кирүү

Шилекей алышуу

Шилекей алышуу. Бул - кыргыздардын байыртан бери келе жаткан жакшы салттарынын бири. Мында айбанаттарчменен адам­дардын ортосунда кыйышпас байланыштардан бара-бара "ши­лекей алышуу" - достошуу, асылкечтикте жүрүү, тамырдаш жа­кын жүрүү - өңдүү түшүнүктөр келип чыккан. Т.а. элибиз жаш муундарыбызды боорукер, мамиледе жүрүүгө, бирдемелерге зы-янкеч болбой, пайдалуу жагын колдонууга үндөгөн. Мисалы, бал­дар балапан кармап алса, "Кой, сен муну кыйнаба, жүдөтпө, өлтүрбө, шилекейиңди анын оозуна түкүр, жугуз. Мунун да эне-атасы бар, тууган-уруктары бар. Аларга да убал. Аларга барып кошулсун" - сыяктуу акыл-насааттар берип, учуруп жиберишкен. Бул - адамдын жаратылышка мамилеси, экологияны сактоо ва-зийвасы болуп эсептелет. Бизде "ынтымакташтар", "шилекей алышкандар" деп коюшат.

Ой-пикирлер