Салынуу кашык
Салынуу кашык. Бул - ынтымактын бир түрү. Бирөөгө бирдеме берсең аласың, бербесең ала албайсың, алышың болсо, бериш бар-дегенди туюндурат. Кыргыздар илгери жыгач, карала идиш-аяктарды арбын пайдаланышкан. Кезмени, шорпо-луу тамактарды бир эле табакка куюп, тегерек отургузуп, ар бирине жыгач кашык берип койгон. Табакка жапырт кашык са-лып ичишкен. "Алты адамга бир табак, арасынан эт карап" -деп Казыбек ырдагандай, азбы-көппү ошол ашка топук тилеш-кен. Мына ушундан улам "Салынуу кашык" деген өтмө маани-деги туюнтма келип чыккан.
- "Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп"
- Ишеничтен кетүүчүлүк
- "Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп"
- "Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат"
- Класс ичиндеги адеп
Ой-пикирлер