Кирүү

Өлүм арзан, жашоо кымбат

Мамбеталыга жаш жигит муңун төктү. Колуктусу эне-сине өч чыгып, заманасы куурулуп, айласы түгөнгенүн, не келинчеги, не энеси эпке көнбөй, күнүгө ыйкы-тыйкы менен өмүр өтүп, элдин бетин карай албай калганын кан как-шайт.
— Бул көрөкчө өлүп тынайын. Жүрөгүмдү уу-кайгы тепсеп бүттү.
Анда Мамбеталы:
— Бир аялдын азабынан өлсөң, анда акылдан адаш-каның. Сен өлгөн соң зайбың башка бирөөгө баш байлайт. Ошентип сен биротоло унутуласың. Андай эле елгүң келсе, эл намысы үчүн жан кыярлык жерлерде иште. Анда сен түбөлүккө унутулбайсың... Өлүм арзан, жашоо кым-бат — деген экен.

Ой-пикирлер