Олтурган кыз орунун табат
"Олтурган кыз орунун табат". Мунун экинчи мааниси "Таш түшкөн жеринде оор". Сөз күйөөгө чыккан кыздын ошол барган жеринде биротоло бүлө болуп калышы, орун-очок алышы тууралуу болуп жатат. Төрөл-түшүп, ак этек басып, жабуулу кара инген аталышы - кайын журту үчүн да, төркүндөрү үчүн да абийирге эгедер. Кыздын төркүнүнө чыгып келиши, чыгыштык кылышы, эр-ден-эргетийиши, желпинип жүрүшү, ата-энеге аброй алып келбейт. Жер каратып коет.
- Топурагын түйүп берүү
- "Үйүндө кашык айран жок, кызынын аты Жууратбек"
- Каяша айтуу
- Такым аңдыйт
- Кайда барба, Мамайдын көрү
Ой-пикирлер