Кирүү

Математикалык статистика

Математикалык статистика

Математиканын бир бөлүгү: илимий жана практикалык корутунду чыгаруу үчүн статистикалык маалыматтарды системага салуу, иштеп чыгуу жана пайдалануунун математикалык методдору каралат. Мында статистикалык маалыматтар – кандайдыр бир белгилер боюнча айырмаланган обьектилердин ж.б. саны жөнүндөгү билдирүүлөр. Статистикалык маалыматтарга таянып жүргүзүлгөн изилдөө методу статистикалык метод деп аталат. Бул метод илимдин ар кандай тармактарында: социологиялык – экономикалык статистикада, физикалык статистикада, жылдыз статистикасында, кибернетиканын теориялык жана практикалык маселелерин чечүүдө ж.б. кодонулат. Математикалык статистикалык материалдык чектелишине негизделип жасалган корутундунун ишенимдүүлүгүн жана тактыгын баалоого мүмкүндүк түзөт (мис., тандап текшерүүдө талап кылынган тактыктагы натыйжаны алуу үчүн тандоонун зарыл болгон көлөмүн баалоо). Математикалык статистиканын теориялык негизи – ыктымалдык теориясы. Математикалык статистика менен ыктымалдык теориясынын байланышы көбүнчө чоң сандар законуна негизделген. Мында ыктымалдык – жыштык, математикалык күтүү – орточо арифметикалык чоңдук катары болжолдуу ишке ашырылат. Бир тектүү обьектилердин көптүгүн же сапаттык, же сандык белгисине карата изилдөө талап кылынсын. Мисалы тетиктердин партиясы берилсе анын стандарттуулугу – сапаттык белги, салмагы же өлчөмү – сандык белги болот. Изилденүүчү обьектинин элементтеринин көптүгү негизги топ деп аталат. Ал көптүктүн жалпы саны негизги топтун көлөмү делет. Эгерде негизги топтун саны өтө көп болсо, анда ал обьектилердин ар бирин айтым – айрым сандык же сапаттык белгиси боюнча изилдөөнүн кажети жок, анткени ал өтө чоң каражатты талап кылышы мүмкүн. Мисалы завод чыгарган миллиондогон электр лампочкаларынын иштөө мөөнөтүн билиш үчүн анын ар бирин өз алдынча текшерүү максатка ылайык да эмес. Ошондуктан көп учурда тандоо методу колдонулат.

Ой-пикирлер