Кирүү

Функциялардын графиги

Функциялардын графиги

Х – абсисса . У- ордината. 1)Маанилери эрктүү тандалып алынуучу өзгөрмө көз каранды эмес өзгөрмө деп, ал эми маанилери тандалып алынган өзгөрмө маанилер менен аныкталган өзгөрмө көз каранды өзгөрмө деп аталат . Бир өзгөрмөнүн экинчисинен болгон көз карандылыгын функциялык көз карандылык же функция деп аташат . 2)Көз каранды эмес өзгөрмөлүү башкача аргумент деп аталат ал эми көз каранды өзгөрмө жөнүндө ал ушул аргументтен функция болот деп айтышат . Көз каранды өзгөрмөнүн маанилеринин функциянын маанилери деп аташат . Көз каранды эмес функциянын бардык маанилери функциянын аныктоо областын түзүшөт. Аныктама : Абсиссалары аргументтин маанилерине , ал эми ординаталары функциянын тиешелүү маанилерине барабар болгон координаттык тегиздиктин бардык чекиттеринин көптүгү функциянын графиги деп аталат . Функциянын графигинин жардамы менен аргументтин мааниси боюнча функциянын тиешелүү маанисин табууга болот . Ошондой эле тескери маселени да чыгарууга болот: Функциянын көрсөтүлгөн мааниси боюнча ал туура келе турган аргументтин маанилерин табуу керек . 3)Практикада бул же тигил процесстин жүрүшүн (бир суткадагы атмосферанын басымынын өзгөрүүсүн , бир суткадагы деңиз денгээлинин өзгөрүүсүн , поршендин абалынан көз карандылыкты кыймылдаткычтын цилиндириндеги буунун басымынын өзгөрүүсүн жана ушул сыяктуулар) автоматтык регистрациялоо үчүн куралдар көп колдонулат . Бул куралдар тиешелүү функциялык көз карандылыктардын графиктерин чийишет .

Ой-пикирлер