Кирүү

Математикалык папирустар

Математикалык папирустар

Байыркы Египеттин бизге жеткен математикалык эстеликтери (б.з.ч. 21-18 кк) . Эң белгилүүлөрү Британия музейиндеги Ринд папирусу жана А.С.Пушкин атындагы сүрөт –исскуство музейинде сакталган Москва папирусу . Ринд папирусун биринчи жолу А.Эйзенлор изилдеген жана 1877-жылы немец тилинде бастырган .Бул папирус колдонмо мүнөздөгү 84 маселени чыгарылыш жыйнагынан турат; мындагы маселерге бөлчөк менен болгон амалдар , тик бурчтук , уч бурчтук, трапеция жана тегеректин аянттын , тик бурчтуу параллелопипедтин , цилиндрдин көлөмүн аныктоо кирет; ошондой эле пропорциялуу бөлүүгө арналган арифметикалык маселелер, дандын саны менен андан жасалуучу нан же пиво жана башкалардын катышын аныктоочу маселелер бар . Москва папирусун орус египтологдору Б.А. Тураев жана В.В. Струве изилдешкен ; 1933- жылы толук бойдон немец тилинде басылып чыккан . Мында да Ренд папирусу тибиндеги 25 маселенин чыгарылышы жыйналган ; Бул математикалык адабияттарда ири беттин аянтын аныктоочу биринчи жолуккан мисал . Математикалык папирустарды өздөштүрүү байыркы Египеттеги математикалык билимдин абалы жөнүндөгү көз карашты изилдөөгө мүмкүндүк түзөт.

Ой-пикирлер