Кирүү

Манапчылык

Манапчылык – кыргыз коомундагы башкаруу системасы. 16-кылым аягы – 17-кылымдын башында Түндүк Кыргызстанды бийлеген Манап бийдин коомдо ээлеген ордун, баштаган реформатордук иштерин балдары, кийинки муун-урпактары уланткан. Ушундан улам Манап бийдин эл бийлеген урпактары өздөрүн "манаптарбыз" деп аташып, бул аркылуу алар арка кыргыздарынын чоң бийи Манаптын тике мураскору экендиктерин далилдегилери келген. Ошентип, кыргыз элинин коомдук турмушунда башкаруунун жаңы институту – Манапчылык калыптанып, өнүгө баштаган. Манап бийдин урпактарынан мыкты тарыхый инсандар чыккан. Мисалы, Манаптын небереси Сарсейиттен өз доорунда кош арстан аталышкан Үчүкө жана Түлкү баатыр-лар чыккан. Үчүкөдөн 1760-жылы кыргыз элинин атынан Кытайга элчи жөнөткөн Мааматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенгул баатыр, андан Ниязбек бий, андан айтылуу Ормон хан туулган. Ал эми Түлкү баа-тырдан Тынай бий, андан 1785-жылы Россия императоруна элчи жөнөткөн Атаке бий, андан Карыбек, андан Жантай хан, андан белгилүү Шабдан баатыр, 1916-жылы Улуттук-боштондук күрөштүн жетекчилери Канат хан менен Мөкүш Шабдан уулу чыккан. Кыргыз элинин ойчулдары Калыгул Бай уулу, Молдо Кылыч Шамыркан уулу да Манап бийдин урпактары болгон. Манап бийдин урпактары Кыргызстанда Совет бийлиги орногонго чейин эле Түндүк Кыргызстандын коомдук, саясий турмушунда маанилүү роль ойноп, бийлик жүргүзүп, эл тагдырын, коомдогу өндүргүч күчтөрдү тескеп, коомдук мамилелерди аныктап келген. Ошондон башкаруунун манапчылык ин-ту сарыбагыш уруусунда биротоло калыптанып, башка урууларга да тарай баштаган. 18-кылым аягынан "манап" деген титулду солто, бугу, саяк, черик, саруу, кушчу, азык, тактап айтканда, Түндүк Кыргызстандагы бардык уруу башчылары мансап титулу катары өздөрүнө кабыл ала баштаган. Манап бийдин урпактары болушпаса да, 19-кылым Боронбай бугу уруусунун, Байтик солто уруусунун чоң манаптары катары таанылган.

Ой-пикирлер