Кирүү

Кыргызияда караханиддер

Адабият, муну жазган автор Баласагунда туулган.
1089-жылында Селжук султаны Мулукша Самарканды алып, Өзгөнтке келген. Кашкардын ханы Мулукшанын кол алдына кирген. Мулукша кайта кеткен соң жикилейден жалданып барган түрктөр көтөрүлүп, Кашкардагы кандын бир тууганы, Атбашынын улугу Якуб тименени чакырган. Якуб Самарканды алганды угуп, Мулукшагажакын келип калганда, кайта Атбашыга качып келген. Мында келгенде бир тууганынын аскери талоон кылып, кашкарлыктар тарабынан Атбашы таланып, Якубду колго түшүргөн. Мулукша Өзгөнтке келип, Якубду бергин деп хандан сураган. Хан сөзүн кечиктирип чойгон. Мунусу Мулукшага туура келбеген. Соңунда хан Мулукшага баласы менен бирге Якубду жиберген. Якубдун бир көзүн оюп таштап, бир коргонго коюп, өзүң баргын дейт. Эгерде Мулукша буга ыраазы болбосо, баласы Якубду Өзгөнтке алып бармакчы. Бул чакта Яналидин Тогурул деген баласы 500 чакырым (80 фарсах) жерден келип, Кашкарды камап калган. Балким Тогурул жогоруда айтылган Яландын баласы болуп, Барскандын ханы чыгар. Бул кабар хандын баласына, жолдошторуна жеткенде Якуб Мулукша менен баласын коё бериңиз деп сүйлөшкөндө коё берип, Якубду Тогурул менен согуш деп өзү Өзгөнттөн жүрүп кеткен, Бул согуштун соңу кандай болгонун биз билбейбиз. Кебетеси, туткундан Харон бошосо керек. XII кылымдын башына жете Кашкарды сурап турганын көрөбүз. 1102-жылында Бугра хан Харон өлгөн соң Талас менен Баласагундун хандары Ормондун баласы Кадырхан, Мухамид Бугра хандын небереси Карахан Мавреннахирге чабуул кыла барышкан. Кадырхандын аскери мусулмандан жана динсизден дагы болгон. Элди Аму дарыяга жете алып барганда, бул дайранын жакасында Султан Санжар менен согушуп, жеңилип, колго түшүп Кадырхан өлтүрүлгөн. Мындан соң Жети Суунун кабары Кара Кытайдын жапырыгына чейин билинбейт.
Караханиддин заманындагы ич арасындагы тарыхын биз толук биле албайбыз. Бул жерде түрк тукумунан биринчиде мусулманчылыкты кабыл алган мамлекет болгондуктан, караханиддер ислам дининин жайылып кетүүгө албетте, зор жардамчы болсо керек. Ошондуктан булардын доор кылып турган заманы Орто Азия тарыхында өтө керектүү. Ибн ал Асир 349хижрат — бизче 960-жылында 200 миң боз үйлүү эл ислам динине кирген дейт. Бул эл Жети Сууда, жаки болбосо Синцизианда болуу керек. Көбүнчө Жети Сууда болушу мүмкүн. Синцизианда мынчалык көп үйлүү эл эч убакта болгон эмес. 1043-жылында азыркы кыргыз-казак көчүп жүргөн көп түтүн түрк ислам динине кирген. Ибн ал Асирдин сөзүндө бул айтылган эл 10 миң түтүн болуп, жайында Болгар жерине чектеш жүрүп кышында Баласагундун тегерегинде көчүп жүргөн (Радлов. К вопросу об уйгурах; стр. 125).

Бир жетишпегендиги — ушул тарыхчылар исламдын башка элементтер менен кандайча турганынан кабар бербейт. Синцизианда качан да болсо Кытай маданиятынын таасиринде болгон. Караханиддердин Мавреннахирде туруучу кээ бир улуктарында, Табган сандарында жаки болбосо Табгач хандары деген титулу болгон. Бул титул VIII кылымдагы Орхон жазуусунда да Кытай падышаларында болгон. 1067-жылыкда болгон Караханиддердин акчасынан деген жазуусун көрөбүз. Бул айтылган далил балким Кытайдын маданиятын жана падыша ордосун аваз көрүп, көтөрүлүп айткан чыгар. Неге десеңиз; топ Кытайдын өзүнө эмес, күн чыгыш Синцизиандын күн чыгышындагы Кытай менен чектеш жерлериндеги Ками (Кумул), Үрүмчү, Турпан шаарлары дагы Караханиддердин мамлекетине өтпөсө керек. Себеп, бул жерлерде мусулманчылык доору XV кылымга жете жүргөн эмес. Жана Караханиддердин акчасындагы жазууларга караганда да тигилерге далилдик берет. Алардын мамлекети жалпы мамлекеттик араб тамгасынан башка уйгур тамгасын дагы колдогон. Мунун насили сирия тамгасы болуп, мында несторияндар аркалуу келген деп тарыхчылар ойлонушат. Кутадгу Биликтин ырындагы кээ бир маданий терминдер монголдун терминине дагы окшойт. Бул термин монголдо болсун, Караханиде болсун уйгурлардан алынган. Түрк уругунун бул бутагы күн чыгыш Түркестандын Кытайга чектеш жеринде биздин эранын V кылымында эле маданияты жогорулап кеткен. Кийин биз көрөбүз: будду жана христиан дининде турган уйгурлар монгол заманында мусулмандын эң кооптуу талашуучуларынан болгон.
Орто Азияга ошондой жол талашуучулук эң эски замандан болгон чыгар. Бирок ал тууралуу бизде далилдүү кабар жок. Караханиддер Кашкардан чыгып, Бухарга жете алды деп жогоруда айттык эле. Ал заманда Жети Сууда динсиз түрк уругу болуп, мусулмандан сыналган эмес. Булардын күн батыш чеги Талас болгон Андан күн батышка карата Саманид мамлекети болуп, ислам дининде болгон. Талас шаарын 897-жылы алып, андагы христиан чиркөөсүн мечит кылган. Караханиддер биринчиден Өзгөнттү борбор кылып, анан Самаркантка көчүргөн. Өзгөн мунарасын Караханиддер салган.

Ой-пикирлер