Кирүү

Черик

Черик (түркчө аскер, кошуун) – байыркы кыргыз урууларынын бири. Этностук аталыш 7–8-кылымдан белгилүү. Кытай жыл баяндарында эскерилген чэли этноними Л. Базен тарабынан Черик формасында окулган. Кытай булактарынан башка маалыматтарда – сак дарегинде Черикдин бүгүнкү Чыгыш Түркстанда жайгашканы эскерилет (7-кылым) Бул процесске башка кыргыз уруулары да катышкандыгы маалым. Чыгыш түрк мамл-нин каганы Элкаганды Тан династиясынын аскер башчысы кол башчы Ли Цзинь жеңгенден соң, Чериктер Юну Чжуну акимчилигинин аймагына жайгаштырылган. Ушул окуялардан соң, Чериктер башка түрк (кыргыз) тилдүү уруулар менен бирге, Тан династиясынын императорунун Тайшань аттуу ыйык тоого жасаган сыйынуу аземине катышышкан. Демек, бул мезгилде Чериктер күч-кубаттуу Тан империясына убактылуу көзкаранды абалда болушкан. 11-кылымда Махмуд Кашгари Чериктерди (сөздүктө жаруклуг аталышында берилет) Жетисууга игрек жана чомулдардын ортолугуна жайгаштырган. Айрым изилдөөчүлөр Черик уруусунун бир бөлүгү азыркы Ички Монголияда шарылар (сары) менен кошуна жашагандыктарын жазат. Бул маалыматтар Чыгыш Түрк кагандыгы кыйраган соң, Черикдин айрым бөлүктөрүнүн Ички Моңголия, айрымдарынын Жетисуу тарапка оогондугун көрсөтөт. Айрым түркологдордун пикирлерине караганда Черик байыркы мезгилдерде кыргыз тилине (түрк тилдерине) санскрит тилинен аскер, кошуун деген мааниде киргени аныкталган. Махмуд Кашгаринин "Диван лугат-ат түрк" сөздүгүндө "черик" – аскер, жоокер деген маанини түшүндүрөт. Орхондогу Моюн Чурдун эстелигинде (756–57-жылы) "Душман Селенгеге че-йин черик коюшту" деген жазуу бар. Черүү (санскр. цериг) – аскер, кол, кошуун; аскерлерден куралган согуштук күч, айрым учурда жоортуул маанисинде да айтылат. Ошондон Черик этнониминин байыркы формасы менен мааниси азыркы мезгилге чейин өзгөрүлбөй сакталып калгандыгы байкалат.

Ой-пикирлер