Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Желмогуз кемпир, жигиттер аттангыла, жөө жарышуу

жомок айтышып жатышып улам-улам "желмогуз кемпир" жакындап келбес үчүн аны карашып турушат. Эгерде "желмогуз кемпир" жакындай баштаса, оюнчулар "желмогуз кемпир" келе жатат деп "үйдүн" көздөй качышат. Эгерде "желмогуз кемпир" качып бараткан оюнчулардын бирөөсүн "үйгө" киргиче кармап алса оюнчу "желмогуз кемпир" менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. "Желмогуз кемпирге" кармалбаган оюнчу бул учурда жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. "Желмогуз кемпир" кезекте туруп кайра "үйгө" кирүүгө болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдыкка, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Жигиттер аттангыла

Оюнчулардын саны 6—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер, аянтча, спорттук бөлмө,

Оюнга камчы колдонулат.

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат, калган оюнчулар колдоруна камчыларын алышып бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашып алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар жетекчинин "Жигиттер, аттангыла! деген буйругу боюнча колдорундагы камчыларын ат чаап бараткан кыймылды туурашып, "секиришип", аралыктан бат өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга жарабайт.

Жөө жарышуу

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп, катарга туруп оюндун шарты, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюнчулардын теңи "атчандардын" ролун аткарышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар "аттарын" минишип, аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет, Андан кийин алар оюнду алмашышып улантышышат. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Аралыктан бат өткөндөрү жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси. Күчтүүлүккө, ылдамдыкка көнүгөт. Оордуктарды көтөрүү, бир жерден экинчи жерге алып барууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер