Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Созмо атуу, ыргытылган ташка, таш ыргытып тийгизүү, ыргытылган кесекти бут менен тебүү

Созмо атуу

Оюнчулардын саны 4—6 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен таш ыргытуучу жерге чыгышып, бири ыргыткан ташты, кичиси ыргытылган ташка, таш атышып тийгизүүгө аракеттенишет. Андан кийин ролдору менен алмашышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ыргытылган ташка, таш атып тийгнзген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Ыргытылган ташка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таш ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган тебетейге, тебетей ыргытып тийгизүү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, таш ыргытылган жакта жүрүүгө, ташты төмөн ыктытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, мээлөөгө, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Ыргытылган ташка, таш ыргытып тийгизүү

Оюнчулардын саны 2—5 кишини

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда кесектер колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден шериктери ыргытып берген кесектерди тебишип алыстыкка учурууга аракеттенишет. Оюнчулар каалаган убакытка чейин оюнду улантышы мүмкүн. Ыргытылган кесекти көп жолу туура тебип алыстыкка учурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Ыргытылган ташты бут менен тебүү, ыргытылган чүкөнү бут менен тебүү, ыргытылган топту бут менен тебүү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат.

Ыргытылган кесекти бут менен тебүүОюнчулардын саны 2—5 кишини

Ой-пикирлер