Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй, ташты бийиктикке ыргытуу, ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу

Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Бир биринен 4—5 метрдей аралыкта эки тегерек сызылат, андан кийин оюнчулар, колдоруна таштарын алышып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бир тегеректе колдоруна таштарын алышып, экинчи тегерекке арты менен турушуп, таштарын баштан ары артка ыргытышып, экинчи тегерекке (уяга) түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Ташты баштан ары артка кол менен алыстыкка ыргытуу, ташты эки колдоп алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Тегерекке жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, ташты уядан башка тарапка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат.

Ташты бийиктикке ыргытуу

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Диаметри 1 метрдей тегерек сызык сызылат, андан кийин оюнчулар оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат."

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тегерек сызыктын ичинде турушуп чакан таштарын бийиктикке ыргытышат, Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Чакан ташты бийиктикке ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Тебетейди бийиктикке ыргытуу, таякты бийиктикке ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, тегерекке жакын турууга, оюндун көзеш жана шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу.

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар диаметри 1 метрдей келген тегерек сызылат, андан кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирдик таштарын алышып, тегеректе турушуп, бийиктикке ыргытышып кайра утушат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Ташты бийик ыргытып кайра туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Кышты бийиктикке ыргытып кайра тутуу, гувалакты бийиктикке ыргытып кайра тутуу, дарбызды бийиктикке ыргытып кайра тутуу, ашкабакты бийиктикке ыргытып кайра тутуу, коонду бийиктикке ыргытып кайра тутуу, коло жыгачты бийиктикке ыргытып кайра тутуу, темирди бийиктикке ыргытып кайра тутуу ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, тегерекке жакын турууга, оюндун шартын бузууга болбойт,

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулар тегерекке жакын тур боолору керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат, оордуктарды ыргытууну жана тутууну үйрөтөт.

Ой-пикирлер