Үй-Бүлө
Алганың жакшы болгон соң,
Кирсең үйүң ордодой,
Көңүлүңдү куш кылат,
Кымбат баа жоргодой.
Таза болот сымбаты,
Алганынын бир башы,
Айнектен артык таптаза,
Кармаган казан, тулгасы
Ачык болот кабагы
Барды, жокту байкатпайт,
Берекелүү берген тамагы.
Ал өңдөнгөн ургаачы,
Жаннатты болбой калабы?
Алганың жаман болгон соң,
Кирсең үйүң кепедей,
Тапканыңдын бардыгы,
Быркырап сынат көзөдөй.
Айыл десе кам урат,
Илекисин пар кылат.
Тарсылдатып элегин,
Башы-көзүн чаң кылат.
Уулуң жакшы болгон соң,
Кымбат баа жакут таш,
Кызыган базар коргондой.
Ар жыйында кеп урса,
Анын айткан сөзүнө,
Ар кандай пенде көнгендөй,
Көнүлү ачык жаркырап,
Дабала жаркын мергендей.
Атасы менен энеси
Алладан жардык көргөндөй.
Уулуң жаман болгон соң,
Ачуусу тез арактай,
Ата безер ит болот,
Үйлөп койгон чаначтай.
Кишиге өзүн теңебейт,
Өзү үлкөн манаптай.
Уулум бар деп ойлонбо,
Мөмөсү жок дарактай.
Атадан артык туулган,
Андай перзент кай жактай.
Иниң жакшы болгон соң,
Кымбат баа жакут таш,
Кызыган шаар базардай
Ар жерге барып кеп урса,
Айткан сөзү казалдай
Жара сүйлөп жалындап,
Тараза жайы базандай.
Мындай иниң бар кезде,
Тартынбайсың ар кандай.
Жорго минип жылжытып,
Бейишке өзүң баргандай,
Жакшылыкты кудайым,
Башыңа өзү салгандай,
Жамааттын баарысы,
Жаркырап жайнап калгандай.
Жаркын тийип жаамыга
Жалгасын өзүн ар кандай.
Иниң жаман болгон соң,
Бак конбогон мазардай,
Кырмандан данын айырган,
Боолугу бош бакалдай.
Жан сактоосун кыла албайт,
Жамачылуу чапандай.
Иним бар деп ойлонбо,
Жата бер жалгыз жапандай.
Агаң жакшы болгон соң,
Аппак тиккен өргөөдөй,
Күндө кызык, күндө той,
Айлыңдан кетпейт топ жыйын.
Кандардын курган ордодой.
Бактыңа болгон ага-ини,
Коёбу теги, колдобой.
Агаң жаман болгон соң,
Туурасы чыгат өгүздөй.
Тирүү эмес өлүктөй,
Ичинен маслаат кеп чыкпайт.
Муктажыңа жеткирбей,
Бергенин алат кемитпей.
Жакшы менен жаманды,
Жараткан тура эрикпей.
Үй-бүлөң жаман болгон соң,
Он сегиз болсо пайда жок.
Чуркураган көп иттей,
Жа-жалактап туш-туштан,
Талап кирет кемиктей.
Мындайлардын так өзүн
Дагы айтамын мен өзүм
Жараткан теңир эрикпей.
- Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу
- Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк
- Кыргыз эл оюндары. Опол, ордо, орто топ
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак