Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү

Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү

Оюнчулардын саны 3—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.

Оюнда таяктар колдонулат,

Оюнга даярдануу. Оюнчулар тоскоолдукту тургузгандан кийин, оюндун шарты менен кезеги жөнүндө сүйлөшүп алынат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан сол колдору менен анын үстүнөн, оң колдору менен астынан кармашып, бир аз күүлөнүп жүгүрүшүп келишип таяктын экинчи учун. жерге сайышып, түртүнүшүп тоскоолдуктан секирип өтүүгө аракеттенишет. Тоскоолдуктан секирип өтө албай калган оюнчулар, оюндан чыгышып, оюндун өткөрүлүшүнө жардам беришет. Тоскоолдук" тан ийгиликтүү өткөн оюнчулар үчүн тоскоолдуктун бийиктиги дагы көтөрүлөт. Оюн, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча өткөрүлөт. Таяк менен түртүнүп бийик тикке секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Оюнда бир бирине тоскоолдук кылууга секирип түшчү жерде жана жерге жакын турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак жана башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тоскоолдуктардан секирип өтүүгө үйрөтөт.

Таяк менен түртүнүп узундукка секирүү

Оюнчулардын саны 3—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлө шуп алышат

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учун сол колдору менен үстүнөн, он колдору менен анын астынан кармашып, бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишип, таяктын экинчи учун жерге сайышып, түртүнүшүп узундукка секирүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Таяк менен түртүнүп узундукка секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга, секирип түшчү жерде болууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык, ийилчектик тарбияланат, чечкиндүүлүккө таяк менен түртүнүп узундукка секирүүгө үйрөтөт.

Таяк менен түртүнүп секирип жүрүү

Оюнчулардын саны: 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Таяктар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар колдоруна экиден таяктарды алышып, бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар колдорундагы таяктары менен түртүнүшүп секиришип белгиленген аралыктан өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, таяктар менен түртүнбөй басып жүрүүгө, таяксыз оюнга катышууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектик тарбияланат чыдамкайлыкка, максатка ынтылууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер