Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Кош аяктап жүгүрүү, өрдөк баш, таш үстүндө басуу

Кош аяктап жүгүрүү

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар бир катар болуп турушуп алып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин кош аяктап күтүп турушат.

Оюндун баяны. Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар белгиленген аралыктан кош аяктап жүгүрүп өтүү керек. Оюн 2—3 жолу

кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү бар: Маселен, чалкалап, кол жана буттарды ракка окшотуп басуу. Өрдөкчө майпаңдап басуу ж. б.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт. Оюн өткөрүлүүчү жер таза жана тегиз болушу керек. Ойноочулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө талапка ылайык келет.

Оюндун тарбиялык мааниси. Адамда күч, ылдамдык, ийилчээктик чыдамкайлык калыптанат. Алдыга коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Өрдөк баш

Оюнчулардын саны 5—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин, тизелерин бүгүшүп. чочоюп отурушат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, катышуучулар өрдөкчө басышып белгиленген аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи өрдөкчө басып келгени болот.

Оюндун башка түрү: Чочоюп отуруп, секирип жүрүү эки тизе менен басуу.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда баштоого, туруп басууга, аралыкты толук басып өтпөй коюуга бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Адегенде буттардын булчуңдарын жумшартып, кыймылдатып алгандан кийин киришсе болот.

Оюндун мааниси. Күч, ийилчээктик, чыдамкайлык Калыптанат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Таш үстүндө басуу

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Өткөрүлүүчү жер: аянтча, таштуу жер.

Оюнга даярдануу Адегенде оюн өтчү жерге таштарды 30 см. 1 м. аралыкта тизип алып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алынат. Ар ким өз кезеги келгенде бир бутун тизеден бүгүп, жерге тийгизбестен, тизилген таштардын үстүндө тең салмагын жоготпой басуу керек. Оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой бир буту менен таштарды басып өткөн оюнчу жеңип чыгат.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, таштарды ордунан жылдырууга, тең салмакты жоготкондой кийин таш үстүндө басууну улантууга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси — тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка, аралыкты туура аныктоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер