Кыргыз эл оюндары. Таштан, ташка секирип жүрмөй, таштан секирип өтүү, термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
Таштан, ташка секирип жүрмөй
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, сай.
Оюнда таштар колдонулат.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар, оюн өткөрүлүүчү жерге таштарды бир-биринен белгилүү аралыкта коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны, Оюнчулар кезектери келгенде, бирден оюн өткөрүлүүчү жерге коюлган таштардан-таштарга секиришип өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Таштардан, таштарга секирип, тең салмагын жоготпой белгиленген аралыктан бат өткөн оюнчу оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү. Дөңгөчтөн-дөңгөчкө секирип өтүү, устундан-устунга секирип өтүү, дубалдан-дубалга, дарактан-даракка секирип өтүү, аттан-атка өтүү, эшектен-эшекке өтүү.
Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, тең салмагын жоготкондон кийин, аракетин улантууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.
Таштан секирип өтүү
Оюнчулардын саны б—8 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.
Оюнда таштар колдонулат.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар катар турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бир аз жүгүрүшүп күүлөнүп чоң таштан секирип өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулардын каалоосу боюнча 5—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Чоң таштан секирип өткөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрү. Дөңгөчтөн секирип өтүү, ташта туруп алыстыкка секирүү, дөңгөчтө туруп алыстыкка секирүү.
Оюндун эрежеси. Ташка тийиши, бир бирине тоскоолдук кылышы болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик тарбияланат, секирүүнүн, тоскоолдуктан өтүүнүн ыкмаларын, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
Термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
Оюнга катышуучулардын саны 2—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, дем алчуу жер, дарактуу жер, спорттук оюндарды өткөрүүчү жер.
Оюнда селкинчек колдонулат.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар селкинчекти тургузушкандан кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчекти буттарында туруп тебип жатышын алыстыкка секирип түшүүгө аракеттенишет. Оюн 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Селкинчек тебип жатып, алыстыкка секирип түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси. Селкинчекке, секирип турчу жерге жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, көпкө чейин термелүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, кыймылдарды башкарууга, чечкиндүүлүккө, секирип түшүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.
- Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу, Жоолук таштамай, Жүгүрүшүү
- Кыргыз эл оюндары. Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй, ташты бийиктикке ыргытуу, ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу
- Кыргыз эл оюндары. Казык жыкмай, каз өрдөк, калдым
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай