Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Казык жыкмай, каз өрдөк, калдым

Казык жыкмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.,

Оюн кумдуу келген көлдүн жээгинде өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Казыктар, чакаң .таштар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар казыктарын бир бирине жакын кылып жерге коомай ыргытышып, өздөрү 10—15 м. аралыкта бир катарга тизилишет. .Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны. Катышуучулар кезектери келген де, чакан таштар менен коомай кагылган казыктарды уруп жыгылтуу керек. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Казыктарды көп жолу уруп жыгылткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун шартын, кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Каз өрдөк

Оюнчулардын саны 15—20 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда токолдон улат.

Оюнга даярдануу. Тегерек сызык сызылат, оюнчулар эки тарапка бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги акөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун кезеги боюнча .бир тараптын оюнчулары тегеректин ортосуна отурушуп, алардын ичинен корукчу болот. Экинчи тарап гын оюнчулары тегеректин сыртында турушат.

Оюндун баяны. Тегеректин сыртындагы оюнчулар тегеректин ичинде отурган оюнчуларды топ менен урганы аракеттенишет. Корукчу, отургандарга топту тийгизбей коруйт. Корукчу ыргытылган топту тийгизбей кайтарса же кармап алса, оюнчулар ордулары менен алмашышып, оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Топ менен көп жолу урууга үлгүргөн тараптын оюнчулары жеңишке ээ болушат.

Оюндун эрежеси. Тегеректин сыртындагы оюнчуларга топту бири бирине бергенден кийин отургандарды урууга, бир оюнчуга, ар дайым корукчу болууга, отурган оюнчуларга, ордунан турууга, жылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн убагында корукчуну алмаштырууга болот. Оюндун эрежесин бузгандан кийин, оюнчулар ордулары менен алмашууга туура келет.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун, тутуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Калдым

Оюнчулардын саны 6—10 киши.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.

Оюнга даярдануу. Оюнчулардын кезегин аныктоо үчүн арадан чыгат да баарынан бирден чүкө чогултат, алаканына тизгенден кийин аларды жерге чачып таштайт. Кимдин чүкөсү "айкүр" болуп түшсө, ал оюнчунун кезеги биринчи болот, "таа" экинчи. Андан кийин калган оюнчулардын кезектерин аныктоо кайрадан чүкөлөр ташталат. Эгерде эки оюнчунун чүкөсү бирдей болуп түшсө, чүкөлөр кайрадан ташталат. Ошентип, бардык оюнчулардын кезектери аныктал" кандан кийин, чүкөлөрдү ыргытуу үчүн сызык сызылат. Ал сызык кийин чүкөлөрдү ыргытып тийгизе турган жер болот.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен бир бутун чүкө ыргытуу үчүн сызылган сызыкка коюп чүкөлөрүн (окторун) алысыраакка ыргытат. Көзектеги оюнчу мурдагы оюнчунун чүкөсүн уруп, анын ордун ээлегенге, сызылган сызыктан дагы алыс жылдырса болот. Көзектеги оюнчуларга мурдагы оюнчулардын чүкөлөрүн уруп жылдырбаса да болот. Андан кийин чүкөнү ыргытуу үчүн сызылган сызык "казына" болуп калат. "Казынага" оюнчулар бир катар кылып чүкөлөрүн тизип коюшуп, чүкөлөрү турган жерден атышып, "казынадагы" чүкөлөргө тийгизүүгө аракеттенишет. Биринчи көзекти алыстагы ашыктын ээси болот, акыркы жакындагы ашыктын ээси.

"Казынадагы" чүкөлөргө тийгизген оюнчу, чүкөлөрдү утуп алгандан кийин оюн кайрадан башталат.

Мурдагы оюнчулардын ыргытышкан чүкөлөрү "казынадагы" чүкөлөргө тийбесе жана үч тапан аралыктан алыс жатса, акыркы оюнчу аракеттенбей туруп "калдыш" деп катуу айтса, ал оюндун жеңүүчүсү болот.

Андан кийин оюн каалаган убакытка чейин кайрадан уланышы мүмкүн. Көп сандагы чүкөлөрдү уткан ойгончу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Чүкө ыргытчу аралыкты кыскартууга, ашыктарды ордунан жылдырууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Оюнду экиден болуп ойносо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ийилчектик тарбияланат, аралыкты аныктоого, кол менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер