Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак

Кубалап жетмей

Оюнчулардын саны 2—20 киши,

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө, стадион.

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнөт. Топтордун арасы 2—3 м. Оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюн жетекчисинин буйругу боюнча бир топтун оюнчулары качышат, экинчилери аларды кубалашып жетүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу кубалашып жеткен же болбосо жеткирбей качкан оюнчулардын тобу жеңишке жетишишет.

Оюндун башка түрү. Тегеренип жүгүрүп бир бирин кубалашуу.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракеттенүүгө, аралыкты кыскартууга же узартууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык тарбияланат. Бир нерсеге көңүл коюуга жүгүрүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Куу түлкү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, бак, дарактуу жер.

Даярдануу. Оюнга жетекчи, андан кийин "куу түлкү" шайланат да, калгандары "тооктор" болот. Узуну 25—40 м, эми 8—10 м келген эки коридорчо сызылат, Коридорчонун ортосуна "куу түлкү" өлүмүш болуп жатат.

Оюндун баяны. Оюн жетекчисинин буйругу боюнча "тооктор" акырындык менен коридордон өтө башташканда, "куу түлкү" "тооктордун" бирөөсүн же бир нечесин кармап калууга аракеттенет. "Тооктор" болсо кача башташат. Эгерде "куу түлкү" "тооктордун" бирөөсүн же андан көбүн кармап алса, биринчи кармалган "тоок" менен орун алмашат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. "Тоокторду" көп кармаган "куу түлкү" оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. "Куу түлкү" "тоокторду" жакын келмейинче кармоого, алардын жолун тосууга мүмкүн эмес. "Тооктор" коридордон чыга качууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Кызыл байрак, ак байрак

Оюнчулардын саны 16—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Желекчелер.

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат, калгандары эки топко бөлүнүшүп, 25—30 м аралыкка бир катар болуп бетме-бет турушат. Катарларда биринчи болуп турган оюнчулар колдоруна бирден желекчелерди алышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчинин буйругу боюнча, кезектери келгенде, колдоруна бирден желекчелерди алышып, карама-каршы турган оюнчулар тобунун артынан жүгүрүп өтүп келүүгө тийиш. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Топтун акыркы оюнчусу желекчени катарда биринчи болуп турган катышуучуга, кайрадан берген топтун оюнчулары жеңишке жетишишет.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлчү жер тегиз, ыңгайлуу буюмдарсыз шартта болгону жакшы. Оюнчулардын саны эки топко тең бирдей болушу керек. Желекчелердин бири ак, экинчиси кызыл болушу ылайык. Эгерде желекчелер жок болуп калган убакта алардын ордуна бет арчыларды, баш кийимдерди, камчы саптарды колдонсо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык тарбияланат, жүгүрүүнүн ыкмаларын, биримдикке, тартипти сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер