Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу, тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу

Кыргыз эл оюндары.

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяк ыргытчу жерге чыгышып, өтөөлдө бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп, таякты алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү. Казыкты алыстыкка ыргытуу, таякты бийикке ыргытуу, казыкты бийиктикке ыргытуу, баканды алыстыкка ыргытуу, уукту алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, күчтү чактоого, ыргытуунун ыкмаларын кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, ашыктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Диаметри 1—2 метрдей тегерек сызылат, тегеректин ортосуна оюнчулар бирден Чүкөлөрүн бир катар кылып тизишет, тегеректен 4—5 м. аралыкка таяк ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Эгерде көзектеги оюнчу, чүкөнү тегеректен уруп чыгарса, чыгарган чүкөнү утуп алып оюнду, кайрадан жаңылгыча улантат. Эгерде жаңылып калса же таяк ашыктарга тийбесе же чүкөлөр жана ыргытылган таяк тегеректен сырткары чыкпаса, оюндун кезеги көзектеги оюнчуга өтөт. Тегеректеги чүкөлөрдүн бардыгы урулуп чыгарылса, оюнчулар кайрадан бирден чүкөлөрдү чогултушуп, оюнду кайрадан башташат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеректен көп чүкөлөрдү уруп чыгарып утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Таяк менен таякчаларды уруп тегеректен чыгаруу, таш менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таякчаларды тегеректен уруп чыгаруу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, тегеректе турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, мээлерге, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу.

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, сахнада өткөрүлөт"

Оюнда тебетейлер колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар диаметри 2—3 метрдей келген тегерек сызышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тебетейлерин колдоруна алышып, тегеректе турушуп, бийиктикке ыргытышып кол чабышып кайра жерге түшүрбөй тутуп алууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат, Тебетейди бийиктикке ыргытып көп жолу кол чабып кайрадан жерге тутуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Тебетейди ыргытып тегеренүү, топту бийиктикке ыргытып кол чабуу, тебетейди бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу, топту бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу.

Оюндун эрежеси. Бири бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Тебетейди бийик ыргытуу жөнүндө макулдашып алуу керек.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер