Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Азаптуу кап, арыктан секирип өтүү, жамбыга секирип жетүү

Кыргыз эл оюндары. Азаптуу кап

Оюнчулардын саны 2—б киши Оюн өткөрүлөт кылкандуу кап да колдонулат.

Оюнга даярдануу, Оюнчулар бир катар болуп турушуп, каптарын буттарына кийишип, оюн өткерүдүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар каптардын ооздорун эки жагынан эки колу менен кармашышып, секиришип белгиленген аралыктан өтүшү керек. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи секирип келген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, камсыз аралыктан өтүүгө, буйруктан мурда аракеттенүүгө, аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт,

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын жаш курактарына жараша топторго бөлүп өткөрсө болот.

Арыктан секирип өтүү

Оюнчулардын саны 5—10 киши. ,

Оюн арык аркылуу өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар арыктын жээгине бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишкенден кийин арыктан секиришип өтүүгө аракеттенишишет, Оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн,

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, бир убакытта бирден ашык оюнчуга секирүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого, узундукка секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Жамбыга секирип жетүү

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, дарактуу жер.

Оюнда колдонуучу аспаптар. "Жамбы".

Даярдануу. Даракка "жамбы" илинет, оюнчулар андан 10—15 м. аралыкта турушуп, шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Катышуучулар кезектери келгенде бирден жүгүрүп келип, асылып коюлган "жамбыга" секирип колу менен жетүүгө аракеттенишет. "Жамбыга" секирип жете албай калганы жыдып, оюндун андан аркы жүрүшүнө жардам берет. "Жамбыга" секирип жеткендерге "жамбы" улам дагы бийиктелип илинет. Оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча ушинтип кайталана бериши керек.

Оюндун башка түрү, Асылып коюлган "жамбыга" секирип баш менен жетмей, асылга коюлган "жамбыга" секирип бут менен жетмей.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдыкка тарбияланат. Секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Ой-пикирлер