Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк

Тушоо менен басуу

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда жип колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп буттарын жиптер менен өтүп, оюн өтчү аралык шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар белгиленген аралыктан тушоолору менен бат басып өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи болуп келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, тушоону чечип аралыктан өтүүгө, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өтчү аралык тегиз, тоскоолдуксуз тушоолор бирдей болушу керек,

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, тең салмакты сактап жүрүүгө, кыймылдарды башкарууга, максатка ынтылууга үйрөтөт.

Этек тепсемей

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар этектерин артка жайышып, малдаш урунуп тегерек болуп отурушат да оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Оюнчулар бутуна шарт туруп көтүүгө аракеттенсе, оюн жетекчиси алардын жайылган этектерин тепсеп, ордуларынан тургузбоого шашылат. Бутуна турганы, оюн жетекчиси менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан баштала берет. Оюн алар каалаган убакытка чейин уланат. Жетекчинин ролун жакшы аткарган катышуучу оюндун жеңүүчүсү болуп эсептеленет.

Оюндун эрежеси. Этектерин жыйнап отурууга, бир бирине жардам берүүгө же тосколдук кылууга, оюн жетекчисин түртүп жиберүүгө уруксат берилбейт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулар бир бирине жакын отурушу керек.

Оюндун мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык калыптанат. Тартипке, ар кандай эрежеге көнүүгө үйрөнөт.

Ала күчүк

Оюнчулардын саны 10—25 киши. Оюн өткөрүлүүчү жерге аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу, Оюнчулар бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушат. Өз ара макулдашуу менен ортого эки катышуучу чыгат, алардын бири качып, экинчиси кубалайт.

Оюндун баяны. Буйрук боюнча биринчиси тегерек болуп кол кармашып тургандардын арасынан кача баштайт экинчиси — "ала күчүк" аны кубалап жөтүү керек. Бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушкан оюнчулар "ала күчүккө" тоскоолдук кылышып, качып бараткан оюнчуга жардам беришет. Эгерде "ала күчүк" качып бараткан оюнчуну кубалап жетип алса, алар бири бири менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Эгерде "ала күчүк" көпкө чейин жетип кармай албаса, тегеректе турган оюнчулардын бирөөсү менен орун алмашат. Оюн катышуучулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси."Ала күчүк" же качып бараткан оюнчу тегерек болуп тургандардын туурасынан кесип өтүп качууга тыюу салынат. Оюнчулар колдорун кое берүүдө "ала күчүктү" тигиге жеткирбей кармап калууга акылары жок.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнду даярдыгы мыкты болгондор башташат жана оюн түз, таза жерге өткөрүлүшү керек.

Ой-пикирлер