Кымыз ичүүдөгү адаттар
Бээ байланып кымыз ачытылган үйлөргө эртең менен айылдагы эркек, аял, балдар бардыгы кирип олтурган. Үй ээси аял туруп кымызды бышып, аяктарын жууп, кымызды куюп, бир киши отургандарга бир баштан суна баштап, бир эле жолу эмес, бир нече аяк сунуп ичирет. Кирген кишилер кымызга тойбой чыгуу болбойт. Эгер кирген кишилерге кымыз аз болуп тойбой калса, анда чоң намыс болот, ал үй берекесиз болуп эсептелет. Кирген кишилер кымызга тоюп бүткөндөн кийин бата кылып тарашат.
Кыргыздар бир күндө эң болбогондо 6 —7 ирет тамак иче берет.
- Казан-аяк калдырайт
- Балалуу үй – базар
- Кыз көрүүнү жана сүйлөшүүнүн бир жолу
- Кайын эне менен келиндин белгилери
- "Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру"
Ой-пикирлер