Кирүү

Кристофор колумбдун жумурткасы

Улуу саякатчы Кристофор Колумб өмүрүнүн акыркы жылдарын Испанияда өткөргөн. Атагы дүйнө жүзүнө тарап, элдин ыраазычылыгын алып, мактоого ээ болсо да, анын даңкына, атагына ичи күйүп, кызгангандар да болгон. Күндөрдүн биринде Кардинал Мензода, Кристофор Колумбду сыйлаш үчүн атайын ага арнап, сарайында кече өткөрмөкчү болот. Ал кечеге шаардын менменсинген кишилери чакырылат. Кардинал кеченин биринчи сөзүн баштап, элге Кристофорду абдан мактап, элге жасаган кызматтарын, барктап айтып берет. Бул мактоого ичтери күйгөн кээ бир коноктор муну жактырышпай, чыртыйышып, мурундарын чүйрүйтүшүп, Америкага карай жолду табуу анча деле оор болбогонун далилдөөгө аракет кылышат. Айтылган сөздөр Кристофор Колумбдун көңүлүнө катуу тиет да, ал кызматчылардан жумуртка алып келүүлөрүн өтүнөт. Жумуртканы колуна алып, чогулган конокторго: Бул жумуртканы үстөлдүн үстүндө тик тургузуп коё аласыздарбы? деп суроо берет. Үстөлдүн тегерегиндегилер кезектешип, абдан аракеттенишет, бирок бирөө да тургуза албайт. Акырында Кристофор Колумб жумуртканы алып, тоголок жагын акырын үстөлгө урса, жумуртка жарылып, кабыгы тик туруп калат. Муну көргөн коноктор: "А. А... оңой эле турбайбы. Аны биз деле жасай алат элек да" деп чырдашат. Анда Кристофор Колумб жайынча гана сылыктык менен: Андай болсо, мурун эмне жасаган жоксуздар? деген экен. Вормс шаарындагы сарайда чогулган немис принцтери бир мелдеш өткөрүп жатышкансып, бири-бирине сөз бербей, өз өлкөлөрүнүн байлыгын, кендигин айтып мактанып жатышкан. Саксон принци: Менин өлкөм абдан бай, жаратылышы укмуштай кооз, бийлигим чексиз. Тоолордун түбүнө чейин күмүш кендери толтура десе, ары жактан Рейн принци: Менин өлкөмдүн талааларындагы машактар алтын түсүнө бөлөнүп, жүзүмзарда эң жакшы жүзүмдөр өсөт, дегенде, Бавария принци: Менин өлкөмдө чоң-чоң шаарлар, абдан кооз чиркөөлөр бар. Менин талааларымдын байлыгы, силердикинен да бай. Ал эми сакалдуу Вуртенберг принци болсо, мактоосун мындайча баштады: Менин өлкөмдүн шаарлары кичинекей. Тоолоруңца күмүш кендери жок. Кеңири токойлордо баарыңыздар билгендей кедейлер жашашат. Бирок тынчтык жана коопсуздук ичинде мен элимдин тизесине башымды коё алам. Рейн, Саксон жана Бавария принцтери көздөрү жашка толуп, толкуңданышып: Принц Еберхарт! Эң бай өлкө сенин өлкөң турбайбы. Намыс медалын сенин өлкөң алыш керек экен, деп бир ооздон кыйкырышты.

Ой-пикирлер