Кирүү

Шашма

Арабакеч бир күнү кечке жуук арабасына болушунча жүк басып алып, катуу айдап кетип баратса, алдынан бир жөө жүргүнчү чыгат. Арабакеч андан: Эй, жердешим, Шаардын дарбазалары жабылганга чейин шаарга жете аламбы? деп сурайт. Жүргүнчү: Кичине жайыраак жүрсөң барасың, дегенде, арабакеч: Бу кишинин мээсинде бир мандем бар, эмне сүйлөгөнүн билбейт, деп жолун улантат. Аттарын камчылап, таштуу жолдо арабасын дагы катуу айдай баштайт. Жол таштуу, өңгүл-дөңгүл экен. Күтүлбөгөн жерден дөңгөлөк сынып кетет да, араба тоголонуп, үстүңцөгү сандыктар, себеттер, кутулар чачылып жатып калат. Арттан баягы жөө жүргүнчү жете келет: Айтпадым беле! Туура айтыптырмынбы? Жөө болсом да мен бүгүн шаарга жетип алам. Төрт аттуу арабаң менен сен жолдо каласың. Бир канчатыйын көбүрөөктабыш үчүн алды-артыңы карабай айдадың эле, көрдүңбү, эми кандай зыянга учурадың.

Ой-пикирлер