Кирүү

Экөө тең туура

Улуу Фридрихтин жүзбашысына бир жаш жигит келип, аскер болгусу келгенин айтат. Жакшынакай, келбеттүү жигит экен, бирок жалгыз гана французча сүйлөйт экен. Жүзбашы жигитти адегенде аскерге кабыл албайт. "Королубуз аскерге немисче так сүйлөгөндөрдү гана алууга буйрук берген" деп. Бирок жигиттин жалынып-жалбарганын кыя албай, кабыл алууга мажбур болот да, мыңцай деп үйрөтөт: Король жаңы кабыл алынган аскерлерди сынактан өткөрүп текшерип жатканда үч суроо берет. Биринчи суроосу: Канча жаштасың? Ал суроосуна: "Жыйырма төрттөмүн" деп тез жана так жооп беришиң керек. Экинчи суроосу: "Канчадан бери курал-жарак колдоносуң?" десе, "Үч айдан бери"деп жооп беришиң керек. Ал эми үчүнчү суроосу болсо: "Айлыгынды, тамагынды убагында алып-ичип жатасыңбы?" Бул суроого "Экөө тең туура" деп жооп беришиң керек. Анткени король дайыма бул суроолорду ирети менен берет. Чын эле жүзбашынын айтканындай, король аскерлерин текшерип жатып, аскерге жаңы алынган жигиттин мандайына келип, токтойт. Суроолорун күндөгүдөй ирети менен сурабай: "Канча жылдан бери курал-жарак колдоносуң?-деп сурайт. Жаш жигит немисче таптак: Жыйырма төрт жылдан бери!-деп жооптойт. Аны уккан король таң калып: Жыйырма төрт жылдан бери курал колдонгон болсоң, анда сен канча жаштасың?-дейт. Анда жигит: Үч айлык-дейт. Укканына айран калган король: Менимче, же сен жиндисиң, же мен жинди болуп калгам го?-десе: Экөө тең туура-деп жооп берет. Королдун аябагандай жини келет. Коркконунан бүткөн бою титиреген жүзбашы королдун жанына келип, болгонун болгондой айтып берет. Король жылмайып: Капа болбогула. Бул франсуз жигит айтьшган нерселерди абдан жакшы түшүнөт экен. Күнөө менде, суроолорду ирети менен бербей, силерди адаштырган турбаймынбы!-деген экен.

Ой-пикирлер