Кирүү

Улуу күн

Шактардан жааган жез жалбырактар жерге түшкүсү келбегендей, абада бири менен бири алышып ойноп, кый-лага-а дейре калкып, күмүш шыңгырын башкаларга сез-диргиси келбегендей, жер бетине элпек конуп атты. Алтын күздүн ушул аппак таңы ишке жоногон Сыйдагүлдүн эсине сүйүктүү эжейин салды...
Ооба, мектеп партасына отурганына бир-эки гана күн болгон. Сабак учурунда нан жегиси келип бапкесин ачса, энеси салып берген калама жок. Анан ыйды коруп ал... Ошондо эжейи жанына келип, эмне үчүн ыйлаганын сура-ды да, мыйыгынан жымыйып, эми анын чон кыз болгонун, окуучу экенин, сабак учурунда нан жешке болбой турга-нын, ал эми жоголгон каламага ыйлоо ото уят экенин айтып, кокүлүнон сылады. Ошондогу алакандын жылуу-лугу ай! Анын табын азыр да туят. Ооба, апакесинин жы-луу алаканынан башка да мээримдүү, аялуу алакандын бар экенин ал ошол күнү гана сезген эле...
Кичинекей кыз мугалим журтун ошол кундон тартып жактырып калган. Эжейинин ар бир созу аны келечекке жетелеп бараткандай корүнчү. Ал тек эжейин корүү үчүн, анын коңгуроодой жагым үнүн угуу үчүн гана мектепке келип жүргондой эле. Бул арийне, мугалимдин балтыркан балалыкка деген чексиз махабатынын, журок жылуулугу-нун жемиши болсо керек...
А бул согуштун үчүнчү жылында, ал бешин"чи класста окуп жүргонүндо болгон окуя эле.
Сабак күзгү орум-жыйым буткондо башталат да, кок-том келип, кош чыгар кез болгондо аяктайт. Ошо жылдар-да, озүнүн бала экенин оспүрумдөр эбак унутуп калгандай болгон. Таң агаргандан жылаңайлак кыроо кечип, каш
карайганча чарбадагы оор жумуштарды аткарар эле. Алардын бала экенин эсине салган бир апасы, бир муга-лими боло турган...
Апа деген апа го, "кучугу" иштен чарчап келгенде, бооруна кысып, жалгашына элжиреп, аны "кулунум!" деп эркелетип, жасап койгон биртике ашын озу жебей анын оозуна кармап отура турган. Бала озунун али бала экенин ошондо бир сезээр эле. Анын бала экенин унутпаган экинчи бир адамы — мугалими боло турган. Айылдагы курал которууго жараган агайлардын баары аскерге ке-тип, бир мектепте жалгыз ушул эжей калган эле. Анын оз аты эбак унутулуп; Мугалим деген атка конгону качан? Айылдагылар да аны ошентип аташчу. Анын милдети ото эле коп эле: жер айдоо, эгин себүү, аштык оруу, малчы-ларга комоктошуу, майданга кийим-кече жонотуу... Мына ушул иштердин баарынын башында ошол Мугалим жу-рүүчү. Айылдагылар да майдан жаңылыктарын ошол Му-галимден сурачу... Ал ошо суру качкан сурапыл жылдар-да: "Биз жеңебиз!" деген созду чон ишеним менен айтаар эле. Айылдагылар да ага ишенише турган, ошол "Биз жеңебиз!" деген касиеттүү, ыйык создүн деми менен кун-түндобой эмгек этишчу...
Али эсинде... Кыш. Үрүң-барандан туруп мектепке жо-ночу. Мектеби эки болмолүү там, бири — класс, бири — мугалим дер болмосү. Беш класска орток бир гана Мугалим. Бардыгы жыйырма уч бала, алар бир болмодо ара-лаш отурушат, озулоруно тиешелуу сабактарды окушат. А Мугалим ар бир балага, классына сабак отуп, тапшыр-ма берет. Жаз, жай, куз бою оор жумушта жүргон бал-дардын жону эми сергип, суук класста отуруп алып, Мугалимди тыңдоого, сабак окууга, жазууга дилгир...
Ооба кырк үчүнчү жылдын кышы эле. Сабак отүлүп аткан. Сыйдагул, эмнегедир, ошол куну токтоно албай ыйлаган... Майдандагы атасын эстедиби? Же жакында эле катуу суук тийип кайтыш болгон сүйүктүү синдисин эстедиби? Же эти от менен жалын болуп, тошок тартып катуу жыгылган апасын эстедиби? Айтор, ыйлай берди. Андан, "эмне учун ыйлап атканын" класстагылардын эч кимиси сураган эмес, себеби, анын жайын баары билише турган, тек гана жубата башташкан. Мугалим кашына келип, ча-чынан сылаган. Эмне дээрин билбей туруп, коптон кийин гана: "Айланайын, атаң келет... созсуз келет..." — дей берген. Мугалим окуучуларынын баарын "айланайын!" — дээр эле. Ошондо Сыйдагул ого бетер эрээркеген... "Кой,— деген Мугалим каңырыгы тутоп. — Кой, айланайын. —
Анан үнү дирилдеп туруп, дагы ишенимдүү түрдө: —Атаң келет!" — деген. Деген да, өңү купкуу болуп, бурулуп, класстан чыгып кеткен. Кайра киргенде Мугалим канча күлүңдөсе да, балдар анын ыйлаганын билип койгон...
А апасы бул учурда үйдө төшөктө жөөлүп аткан. Сый-дагүл Мугалиминен суранып, үйүнө жеткенден кийин апа-сына "атасынын келээрин..." айткан. Ооба, Мугалимдин сөзүн төкпөй-чачпай... Ошондо, апасынын дарты жазыла баштаган.
Анан кирип-чыгып, Мугалимин күтө кеткен. Ал келсе эле апасы ноокасынан сакайып кетчүдөй сезилген. Ана, карабаркын асмандан кылоолоп кар жаап, теребел ак көр-пөге оронуп, бак-дарактар ак шалы жамына баштаган ошол кечте Мугалими да келген. Анын келерине окуучусу да абдан ишенген эле...
Ошондон бир жума етпой кан майдандан атасы келген. Балдак менен...
Ушул күндөн баштап секелек кыз эжейин мурдагыдан да катуу сүйүп калган. Анын камкор, күйүмдүү адам эке-нине биротоло көзү жеткен. Ошондон кийин ал эжейиндей болгусу келүүчү, аны басса-турса самачу.
Өзү эле эрте турабы, же тоо чокуларына чаргып тий-ген күмүш шооланы өз көзү менен көрүүгө кумарбы, Сый-дагүл мектепке бүгүн да эрте жөнөген. Анын үстүнө, биринчи саатта сабагы да бар болучу.
Кыяван менен ары-бери өтүп аткан адамдардын агы-мына илээшип келатып, ал те бала чагын, жезтаңдай коң-гуроонун жылаажын үнүн, сарала жалбырактар жааган ошол күздү, балапан сезим менен келип, бийкеч болуп аттанган мектебин, анан сүйүктүү эжейин чоң сагыныч менен кайрадан эстеди...
Эх, жылдар, жылда-ар... Өмүргө өчпөс из салып, агы-лат ов! Бирок, ал ак кеңүл эжейин эч качан унуткан эмес. Кайта жыл еткен сайын эжейи ага мурдагыдан да жакын боло баштаган. Анын балага деген чексиз мээрими Сый-дагүлдүн көңүлүне түбөлүк уялап калгандай. Айтмакчы, а кезде сыя да, кагаз да тартыш эмес беле. Окуучулардын сыясы түгөнүп калганда токойго барып, карагат терип келип, сыя кылып берген эжейи ошол! Дептери түгенүп калганда, өзүнүн аякы дептерин берген эжейи ошол! Кан күйгөн согуштан кара кабар келген сайын элди жылуу сөзү менен жубатып, кайрат берип, кайгысына орток болуп, аларга жүрек жылуулугунан бөлүп берген эжейи ошол!..
Өз турмушунда кеп эле кубанычтуу окуялар болду:
институтка өттү, андан өзүнө арзыган — ак махабатын,. тапты, кийин окуусун да ийгиликтүү бүттү. Кызыл кыз„ аппак уулдарды төрөдү. Куттуу үй-бүлөнүн эгеси болду... Ошентсе да, анын башына конгон кубанычтардын ичинен өткөн да бир чоң кубаныч бар. Ал сүйүктүү эжейи "Эл мугалими" деген ардактуу наам алган күн! А кезде Сый-дагүл студент эле. Эжейи чыккан кезитти башынан өөдө көтөрүп: "Бул менин биринчи Мугалимим" деп айгайла-ганы эсинде! Телеграмма уруп, эжейин куттуктаганы эсин-де! Анан, эжейи чыккан кезитти институттун оозундагы "олуттуу билдирүүлөр" илинчү ардактуу жерге тагып кой-гону эсинде!"Жүрөгүн чексиз сыймык тээп, окууну бүтөр-бүткөнчө элдиреп жүргөнү эсинде!..
Күндөр айга, айлар жылга тогошо берет тура. Бу тур-мушта баарынын ез орду бар — артыкбаш эч нерсе жок. Кечээ эле кызыл жагоочон кыз эле, а азыр өзү да сүйүк-түү эжейинин жолун жолдогон мугалим...
Куттуу класска кирип келген кезинде окуучулары аны мөлтүрөгөн каректери менен жадырай караса — ал аны бакыт деп сезет!.. Ана, азыр да, класска кирери менен сүйүнө кетти: береги наристе каректердин жылуу лабизи-нен жаны жадырап, окуучулары орундарына отургуча ка-рап турду.
Эртең мугалимдер Күнү эле. Журнал коюлчу үстөл бе-тинде гүлдөр чоктонот! Окуучуларынын куттуктоолору жатат. Аны көргөн сайын жетине албай кетет...
Үйгө "Сен ким болгуң келет?" деген жат жазуу жазып келүү берилген. Тигинде, класстагы кезекчи кыз ошол дептерлерди жыйып жүрөт. А өзү балдарды толуктап болуп, еткөн сабактарды кайталоого киришти.
Суроо берилген сайын окуучулары жапырт кол көтө-рүп турса — мугалимдин бактысы эмеспи?! Демейдегидей эле бүгүн да, окуучулары сабакка тыянактуу даярданып келген экен, суроолорго бегөлөр эмес. Муну көргөн сайын Сыйдагүлдүн жүзүн нур чалып, отургандарды ойлуу тик-теп, такта жакка улам бирин чакырат. А кызыл чыймыт-тай болгон беш көкүл кыздар менен мотурайган балдар эжейинин алдында адеп сактап, "айта берүүгө болобу?" дегендей ызаат билдире калып, анан жооп берүүгө өтөт. А мугалим окуучунун оюн бөлбөйүн дегендей уга берет...
Сыйдагүл окуучуларын сурай отура, үйгө берилген жат жазуу ишине кызыга кетти. Дептерлер ачылуу журналдын жанында ирээти менен жыйылып турган. Эн, үстүңкүсүн акырын алды да, ичин ачты. Анда бир эле ооз сөз бар эле: "Эжей, мен сиздей болгум келет!"
Мугалимдин жүрөгү туйлай кетти. Ушул свзду жазган артта отурчу сары кызды карады. А кыз кулмүңдөп: "эжей, такта жакка мен чыгам!" дегендей улам-улам кол которуп коёт...
Сыйдагул окууну бүтүп кызыл диплом алды, бирок ал али мугалим эмес эле. Чектелген ырайонго келип, бала окута баштады, бирок ал мында да мугалим экенин чын-дап сезе албады. Жылдар өттү, анын окуучулары да көбө-йө баштады. Ошенткен сайын анын жүрөгүн бир собол эзе берер эле: "Мен чыныгы мугалим боло алдымбы? Сү-йүктүү эжейимди тарта алдымбы?" Бирок, бул суроого озу эч качан жооп бере алчу эмес. Мына, бүгүн гана, бала окутканына кыйла жыл болгондон кийин гана өзүнүн чыныгы мугалим экенин айныбай сезгендей болду. Бул маа-найлуу күн — Сыйдагүлдүн нукура мугалим катары кайра төрөлгөн Улуу Кунү да эле!..
Аңгыча, жезтаңдай коцгуроо жаңырды.
Ал класстан кы-ыпкызыл раушан гүлдөрүн кучактап чыкты. Сүйүктүү эжейди кызыл жагоо окуучулар курчап алган. Кызыл жагоолор кыр кызгалдактарындай! Ана, ак көңүл эжей аларга бир нерселер жөнүндө жетине албай айтып жатат! А өзү алоолонгон гүлдөрдүн арасында калгандай!..

Ой-пикирлер